Үйдө ким башчы?

Үйдө ким башчы?
23-Июнь 2017, Жума

Көптөгөн улуттарда эркек кишилердин үй чарбалары менен айланышуусу адатка айланып бара жатат. Мындай чечим жубайлардын арасында жөнөкөй экономикалык эсепке негизделип кабыл алынат. Балалуу болгондон кийин үй иштери менен бала багуу сыяктуу маселелерди ким аткаруусу керек деген суроо жаралат. Аялдын табышы көбүрөөк болсо, анда күйөөсү бала багат. Аялы албетте өз жумушун жасайт. Үй жумуштарын жүргүзүнү үйрөнүп алуу кыйын эмес. Эгер суроолор жаралса, аялына чалып сурап алат.

Үй-бүлөлүү өмүрдө ар бир адамды жалаң гана үй жумуштары менен алыпурушууга мажбур кылуучу жагдайлар болот. Андай учурлар болуп жатса, мурда билбей жүргөн милдеттерди өз моюнуна алууга даяр болуусу керек.

Үй жумуштары жалаң гана аялдардын милдети деп эсептеген эркектер үй кызматкерин жалдап алууну туура көрүшөт. Бирок, ал ар ким үчүн мүмкүн боло бербейт. Ал эми бул милдетке даяр күйөөлөр эч кыйынчылыксыз үй-бүлөсүн тамактандырып, кийим-кечени ирээтке келтирип жана балага камкор ата боло да алат.

Үй иштерин аткарып жүргөн күйөө мурдагыдан-күлкү менен аяган сезим жаратып келген. Кандай гана абал болбосун эркек киши үй-бүлөсүн асыраган адам болуп калуусу кажет. Үй иштери менен бала тарбиясы аялдын милдети экенин эстен чыгарбоосу керек.

Азыркы учурда “Аялдар кесипкөй болгусу келет, өздөрүн мансапка арнашат, бала төрөгүлөрү жана аялдык касиетин жоготкон” деген сөздөр көп кездешип келет. Бирок “Эркектер да чыныгы эркек жүзүн жогоитушкан. Алар тандаган жарын бага албайт, мүнөздөрү уялыңкы”,- деген пикирлер да жок эмес.

Ынтыкмакта өмүр сүргөн үй-бүлөлөрдө мындай кыйындыктар жок себеби аларда “үйдө ким башчы?” деген суроо такыр жаралбайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!