Карт бойдок болуп жүрүүнүн себеби

Карт бойдок болуп жүрүүнүн себеби
29-Июнь 2017, Бейшемби

Коом болгондон кийин аны түзгөн адамдардын өз милдеттери болот. Эркектин да, аялдын да койгон милдеттери болот. Эркектин милдети- жакшы жар таап үй-бүлө куруу. Аялдын милдети- турмушка чыгып, бала төрөп тарбия берүү. Бул эң жөнөкөй милдеттер.

Бойдокчулук менен коштошпоонун себеби эмнеде?

«Бутума туруп алайын…» Эң биринчи себеп жигиттин психологиясында. Адам өз-өзүнө жооп бере алган касиетке жетишмейинче, бирөөгө жоопкерчилик арта албайт. Бул-мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал эми кээ бир жигиттер бул мыйзамды узакка созуп жиберишет.

Мисалы өздөрүнүн алсыздыгынан «бутума туруп алайын..» деген шылтоонун этегин кармап жүрүшөт. Бул азыркы бойдок жигиттердин эң популярдуу жооптору. Бирок, үй-бүлөлүү болуу абалдын төмөндөп кетүүсүнө себепкер болот деген сөз жок. Ал эми муну биз эстебейбиз. Жигиттердин бул шылтоого барууларына кыздар да түрткү берет.

Жакшы көрүп жүргөн болочок жарыңыз үчүн баарына даяр болсоңуз анын каалоосун да аткарууну тырышыңыз. Мисалы ал сизден унаа, үй, акча, жакшы жумуш талап кылышы мүмкүн. Ал булардын баары сизде болбогондон кийин сиз өзүңүзгө канааттанбайсыз. Эң туурасы баарына сабырлык менен караңыз. Баары жакшы болот деп аны да өзүңүздү да ишендириңиз.

Бойдокчулук өмүрдө ишке ашпай жүргөн учурлар башыңыз экөө болгондо жасалуусу ыктымал. Ишениңиз.

Бойдок өмүрдүн тынчтыгы

Жигиттердин үйлөнбөй жүрүшүнүн дагы бир себеби бойдок өмүрдүн тынч сүрүшү. Себеби бирдей өзгөрүүсүз тынч өмүр сүрүү кимге болбосун жакшы көрүнүүсү мүмкүн. Сизде баары бар. Материалдык жагдайыңыз канааттандырарлык болуп турса аны башка бир кыздын колуна байлап коюунун кажети эмне. Бул бүгүнкү күндө калыпташып келе жаткан түшүнүк. Таң калуунун кереги жок азыркы чет элдик фильмдердин көбү ушу идеология негизинде жасалып жатат.

Алардын түшүнугүндөгү бойдокчулук өмүр” ар кимдин демократиясы. Үйлөнүү жана бала тарбиялоо башкы орунда эмес. Салт менен өмүр сүрүү элге болгон урамат жана үй-бүлөнүн берекеси болуп саналат. Бойдок өмүрдүн узакка созулуусун диндин өзү колдобоосун эскериңиз.

Тандоо

Тандоо — эң чоң себептердин бири. Анткени жигиттин жашы 25тен ашкандан кийин тандоо өзгөчөлүгү пайда болот. Бул касиет психологияда жана илимде адамдын акыл токтотуп, жетилүү деңгээли деп көрсөтүлөт. Ошондон улам акылы токтоткон жигит өзүнөн кичүү кыздын боюнан кемчилик издөөгө тырышат. Анын жакшы жагын гана кабылдай албайт. Кайсы гана убакытта болбосун катачылык издөөгө тырышат. Бул жигиттин каалоосу эмес, тандоо өзгөчөлүгүнүн эрксиз пайда болуусунан улам.

«Тандаган тазга жолугат» деген сөздүн да жөнү бар. Каалооңузга ылайык келген кызды учурунда табыңыз. Өмүргө бирдей көз караш менен караган адамдар гана бакытка жете алышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!