Идеалдуу эркек деген ким?

Идеалдуу эркек деген ким?
4-Авг. 2017, Жума

Идеалдуу эркек дегенде көз алдыбызга узун бойлуу, кең далылуу, коюу чачтуу эркектин элестелээри анык. Сырткы келбет мааниге ээ эмес экенин түшүнүп турсак да жогоруда сүрөттөлгөн келбеттүү эркектин образы көз алдыбызга тартыла калат. Терең ойлоно келгенде идеалдуу эркек - бул журнал беттериндеги эркек эмес. Идеалдуу эркек - бул...


Физикалык жактан күчтүү, кайраттуу.

Чечимди өзү чыгарат, жоопкерчиликтүү.

Зериктирме эмес, тамашакөй.

Аз эс алат, дайыма бир нерсе менен алек болот. А түгүл аялдардын жумушунан да баш тартпайт.

Уйкудан жеңил турат.

Кебетесин коркунучтуу кылып өзгөртүп, үнүн көтөрө алат, бирок, эч качан аялына

кол көтөрбөйт.

Эч качан жаңжал чыгарбайт, аялынын жаңжалына маани бербей оор басырыктуу болуп коет же дароо мамилени оңдоп кетет.

Колу ачык.

Майрамдарда аялына белек бергенди, күтүлбөгөн белек даярдоону билет.

Үй-бүлөсүнө таандык бардык даталуу күндөрдү эсинен чыгарбайт.

Өзүнүн аялын сыйлайт, аны менен сыймыктанат жана анча-мынча кызганат.

Отуруштарда жакшы бийлейт.

Маал-маалы менен аялына кафеде же ресторанда романтикалык кече уюштуруп турат.

Же болбосо себеби болбосо деле гүл көтөрүп келет.

Ашканадагы бычактардын мокоп калышына жол бербей, маал-маалы менен курчутуп турат.

Күйүп калган лампочканы айттырбай алмаштырат.

Эшикти аялынан мурда ачып, биринчи аны киргизет.

Аялынын жасаган тамагына сөзсүз өз баасын берет.

Жумуштан чарчаңкы келсе да маанайы жок болуп, кыжырданып келбейт.

Эшиктен кирип аялын өбөт да, анын күнү кандай өткөнүн, кандай жаңылыктары бар экенин сурайт.

Балдарынын сабагын карашат, алар менен чогуу ойнойт, спорт менен машыктырат.

Мүмкүн болушунча аялы менен бир маалда уктайт.

Жумушка кетип баратканда аялын маңдайынан өбөт.

Аялынын сүйгөн тортун алып келип турат.

Аялынын кыжаалаттанып же чарчап турганын байкап, эмне болгонуна кызыгат.

Аялын бир күндө кеминде эки жолу кучактап, бир жолу "мен сени сүйөм" деп айтып турат.

Алыс жакка бара турган болсо аялына алдын ала айтып, жеткен соң жакшы келгенин телефон аркылуу билдирет.

Эгер кимдир-бирөө аялын таарынтса, аялынын тарабын талашат.

Чөнтөк телефонунун экранына же капчыгынын ички бетине аялынын сүрөтүн коюп, маал-маалы менен аны алмаштырып турат.

Аялынын телефонуна сүйүү smsтерин, сүйүү ырларын жиберип турат.

Аялына таанышканда кандай мамиле кылса, өмүрүнүн аягына чейин ошол

мамилесинен жазбайт.

Аялын укканды билет, ал сүйлөп жатканда телевизор көрүп, гезит окуп алаксыбай, бардык көңүлүн аялына бурат.

Аялынан сурабай эле эс алуу күндөрүн өзү пландаштырат

Аялына жагымдуу сөздөрдү арнай билет.

Аялы чарчап турганда жардамын сунуштайт.

Жумуштан кармалып жатса аялына телефон чалып, алдын ала айтат.

Көпчүлүктүн арасында башкаларга караганда аялына көбүрөөк көңүл бурат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!