Асылзат айымдын беш сапаты

Асылзат айымдын беш сапаты
22-Авг. 2017, Шейшемби

Ата-бабабыз аялзатына өзгөчө көңүл бөлүп, аздектеп келген. Замандын, коомдун талабына ылайык кызга тарбия берилип, аялга багыт көрсөтүү менен сын айтылган. Бүгүнкү күндүн аялзатынын айрым касиеттерине кыскача токтоло кетүүнү эп көрдүк...

Тазалык, жылтылдаган нурлуу көздөр, татынакай жылмаюу, ийкемдүү кыймыл, маралдай керилип басуу-мына ушунун баары аялзатттын баа жеткис байлыгы. Аял жеке жаратылыш тартуулаган артыкчылыктар менен гана толук кандуу асем боло албайт. Табият берген сулуулукка билимди жана жакшы сапаттарды кошуу зарыл. Эгерде сиз адеми болсоңуз бир көргөн адамдын көзү түшүшү мүмкүн. Мамилелеше келгенде билимиңиз жарды, жакшы касиеттерден кур жалак экениңиз билинсе сулуулугуңуз жарты тыйынга арзыбай калат. Сулуулуктан башка максаты жок аял бакыттан кур жалак калаарын эсиңизден чыгарбаңыз.

Сарамжалдуу аял үйдүн кут-берекеси. Сарамжал болуу менен өзүбүздүн, анан өзгөнүн тапканын сыйлай алабыз. Аялдык касиет өзгөчө ашканада сыналат эмеспи. Азык-түлүктөрдү коромжу кылбай, татынакай колдонуу дагы сиздин кандай кожойке экениңизден кабар берет. Биз сараңдык менен сарамжалдуулукту чаташтырбашыбыз керек. Эгерде сиз керектүү буюм алууну көздөсөңүз, аны көп жыл пайдалангыңыз келсе, ичиңизди ачыштырбай туруп кымбатыраагын алганыңыз пайдалуу.

"Таза абийир татынакай жаздык",-деп айткан экен бир даанышманыбыз. Уят, ар-намыс, кадыр-барк, абийир- булар биринен бирин бөлүп алгыс "бир тууган" сапаттар. Адамдын башынан эмнелер гана өтпөйт?.. Ызалануу, таарыныч, жокчулук, жакыныңдан айрылуу сыяктуу түйшүктөргө сан жетпейт да. Көп учурда абийирден кол жууп калуунун башкы себеби жетишсиз турмуш болот. Карыз акча алып, аны кайтара албай калуу, калп айтуу өңдүү терс сапаттар абийирдин биринчи душманы. Демек, бирөөгө көз каранды болбой, жашоонун тың өтүшү дагы адамзатынын жакшы сапатты карманып жүрүшүнө өбөлгө түзөт экен.

Өзүнө анчейин ишенбеген сулуу айымга караганда, өзүнө-өзү ишенген өңү орточо айым башкаларды өзүнө бат тартат. Жүзүңүздөн дайыма күлкү чачырап, жашоонун ар бир ирмеминен рахат алыңыз. Суз болбоңуз. Аялзаты өзүн жагымдуу сезип, жылмайып турса, мырзалардын мырзасын дагы эрип бараткан коргошундай балкытат эмеспи. Сиздин келбетиңизди өзгөлөр кандай таразалап атканы жөнүндө ойлонуп, кысынбаңыз. Биринчи ирээтте өзүңүзгө жагышыңыз керек! Өзүңүздү жылдыздуу, тартымдуу, акылдуу сезүү менен, өзүңүздөн ошондой айымды жарата аласыз.

Дүйнөдө эмне таттуу да, эмне ачуу?- деген суроого: "Тил" деп жооп бериптир, өткөн замандагы бирөө. Эгерде сиз заманбап, өркүндөгөн айым болууну кааласаңыз, сүйлөө маданиятына көңүл бөлүңүз. Сөздүн гүлүн терип, таасын, таттуу сүйлөгөнгө үйрөнүңүз. Бирок, жасалмалуулуктан жана бирөөнү калп мактагандан жаа бою качыңыз. Сөз куржунуңузга уят жаргондорду, "эме, неме" сыяктуу сөздөрдү эч илээштирбеңиз. Мындай сөздөр сиздин келишимдүүлүгүңүзгө доо кетирет. Анан, аялдардын үнүнө да чоң маани берилип келген. үнүңүздү баркыттай жумшак, же жылаажындай шыңгыр кылып тарбиялап алсаңыз өзүңүзгө да, өзгөгө да жагымдуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!