Күйөөсү аялынан төмөнкү нерселерди күтөт

Күйөөсү аялынан төмөнкү нерселерди күтөт
23-Авг. 2017, Шаршемби

1. Аялынын себепсиз бөтөн эркек адам менен сүйлөшпөгөнүн. Алар менен карым-катнашта сабырдуу жана оор басырыктуу болгонун.

2. Ар дайым таза жана тыкан кийингенин. Жалаң күйөөсү үчүн сулууланып, жакшынакай болуусун.

3. Жылуу сөздөрдү айтып, ыраачылыгын билдирип турганын.

4. Өзүн сыйлаганын, колдоо көрсеткөнүн.

5. Экөөнүн ортосундагы сырды эч кимге айтпаганын, кемчилигин жашырганын.

6. Башкалардын күйөөлөрү менен салыштырып, кемсинтпегенин.

7. Жумуштан кийин күлүп тосуп алып, үйдүн ар дайым таза, тамагын убактысында даамдуу даярдаганын.

8. Ата-энесин ар дайым сыйлап, коноктор, достору келсе жылуу жүз менен тосуп, чыгарып салганын.

9. Балдарынын жана өзгөлөрдүн көзүнчө намысына тийчү сөздөрдү айтып, аны кемсинтпегенин.

10. Обу жок кызганып, болбогон нерсеге уруш чыгарбаганын.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!