Аялды басынтуучу нерселер

Аялды басынтуучу нерселер
4-Сен. 2017, Дүйшөмбү

Аял кулак менен, эркек көз менен сүйөөрүн билет чыгарсыздар? Аялдын өзүнө деген ишенимдүүлүгүн жоготуучу бир гана нерсе бар. Ал - сөз.

Сүйгөн жарынан уруш уккан аял өзүн-өзү төмөн сезип калат. «Сенин колунан эмне келет?», «Элдин аялдарын кара», «Сени ким карайт?», «Тамакты оң жасай албайсың», “Өзүңө да карабай калдың” деген сөздөрдү уккан кезде аял киши күнөөнү өзүнөн издейт. Жыйынтыгында “Мен кимге керекмин?!» деген ойго келет.

Коомчулукта аялдардын өздөрүн таштап, карабай калганы ошондон улан. Үй-бүлөдө барын аял жасаса да, ал эркекке багынат. Сын аялдын баркын төмөндөтөт. Сын-пикир аялдын өзүн аргасыз, керексиз, колунан эч нерсе келбеген адам катарында сезүүсүнө шарт түзөт.

Сындын эки түрү бар: орундуу жана орунсуз. Орунсуз сынды уга берген аял өзүн төмөн санап, алсырай баштайт.

Ал эми орундуу сынга келсек, бул тескерисинче, жубайлардын карым-катнашынын бекем болуусуна багытталат. Аялын басынтууга көбүнчө өзүнө ишенбеген эркектер барышат. Алар ушу ыкма аркылууу өзүлөрүнүн баасын көтөргүлөрү келишет. Ал эми мыкты эркектер эч качан аялына “Сен кимге керексиң?” деген сөздөрдү айтпайт.

Сөздүн кудурет-күчү чексиз дейбиз. Чындыгында да бир сөздөн улам сулк түшүп, бир сөз үчүн көтөрүлүп калабыз. Пенденин жаратылышы ушундай. Андыктан көп учурда аялга жылуу сөздөрдү арнап турган оң.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!