Аялдардын эркектерге берчү суроолору

Аялдардын эркектерге берчү суроолору
6-Сен. 2017, Шаршемби

Бир куб метр карда 350 миллион кар бүртүкчөлөрү бар экен. Алардын ар бири бирин-бири кайталабаган өзгөчө формага ээ. Дүйнөдө 7,3 миллиард аял бар. Албетте, алар бири-бирине окшошпойт. Керек болсо алар өздөрүн бирөөлөргө салыштырганды да жактырышпайт. Бирок, алардын эркектерге берчү суроолору бирдей. Ошону менен орточо статистикалык жактан алып карасак аялдар эркектерге койгон суроолору төмөндөгүчө:

1. «Сен мени сүйөсүңбү?» – бул эң көп берилүүчү суроо. Жооп:«Ооба».

Чындыгында :“Ооба” жообу ооба дегенди билдирет. Башка аныктамасы жок. Андан ары арбытып, алып-кошуунун, тактоонун кереги жок.

Эркектин пикири: Аноним: “Керек болсо сүйүктүү кызың бул суроону бере берсе тажайсың. Мен ар дайым анын жанындамын, убактымдын көпчүлүк бөлүгүн ал менен өткөрөм, сейилдөөгө бирге чыгабыз, ар дайым анын жанында болууну каалаймын. Ал эми “сени сүйөмүн” деген сөздү кайталай берүү мунун жанында бекер. Биз кандай гана болбосун сөздүн эмес, иштин адамдарыбыз го”.

2. Суроо: «Канчалык сүйөсүз?» Жооб: «Аябай».

Чындыгында: Бул суроого эркек сылык жооп берүүсү мүмкүн. Бирок, мындай суроолор алардын жинин келтирет. Алардын оюу боюнча махаббаттын ченеми жок. Азыраак же көбүрөөк сүйүү аларда болбойт.

3. Суроо: «Мен семирген жокмунбу?» Жооб: «Жаным, сен ар дайым сулуусуң».

Чындыгында: Эгер толуп кетсе да, ал байкабашы мүмкүн. Ал эми эгер байкаса… баары бир айтпайт.

Эркектин оюу: Аноним: «Кызымдын ашыкча салмак кошо баштаганын байкабайм деле. Мен үчүн анын толуп кетүүсү деле маанилүү эмес. Ал эми өзү кайра-кайра айта берсе албетте мен да ойлоно баштайм. Бир күнү ушу толук кыз мага эмне кереги бар десем таң калбасын ».

4. Суроо: «Мага жаңы көйнөгүм (чачым, маникюрум, кашым, сөйкөм…) жарашабы?» Жооб: «Албетте, жарашат!»

Чындыгында: Эркектер аялдагы өзгөрүүлөрдү сейрек байкашат. Бул үй-бүлөлүк бюджеттин ар бир тыйынын санап жүргөн үнөмчүл эркектерге катыштуу эмес. Чындыгында эркектер “casual стилиндеги” ак көйнөк менен гламур ак көйнөктүн айырмасын биле беришпейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!