Нике – эң таттуу сезимдердин башталышы

Нике – эң таттуу сезимдердин башталышы
11-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 14:26

Жаңы үй-бүлө куруп, ак никесин кыйып жаткан жаштарга нике тууралуу бир нече кеңеш берип кеткибиз келет. Анткени нике - көрүнгөндүн колунда оюнчук болчу эрмек эмес. Никенин да өз шарты жана мыйзамы бар. Нике деген эмне?

Нике – кыз менен жигиттин махабатынын жеңиши. Сезим менен ишенимдин жемиши бышкан маалда ал никеге алып келет. Никеге отуруп, жубайлык өмүрдү урматтаган аял-күйөөсүнүн жамандыктан алыс болуусу.

Нике – эң таттуу сезимдердин топтому, башталышы. Бирин-бири сүйгөн эки жаштын экөө эки багытка эмес, биргелешип бир багытка карай жол баштоосу.

Нике – жаңы өмүрдүн башталышы. Тентектик менен эркеликти токтотуп, акыл калчап ой жүгүртүүчү убак.

Никеде – өзгөгө көз салуу менен сөз салууну токтотуу. Миң адамдын ичинен тандап алган жарыңды калган өмүрүнүн аягына чейин бактылуу кылууга умтулуу. Нике үчүнчү адамга каршы. Үчүнчү бирөө никеге кийлигишкен учурда уруш-кериш башталат. Уруш-кериш менен кызганычтын аягы ажырашууга келип тирелет. Анткен менен никенин максаты – ажырашу эмес, өмүр бою бирге болуу.

Нике – өз камыңды гана ойлобой, өзүмчүл болууну токтотуу. “Мага” деген сөз “бизге” дегенге алмашып, үй-бүлөнүн камын гана ойлоп жашаш керек болот. Өз жагдайыңды гана ойлоп, өзүңө гана кам көргөн күндөр менен коштошкон абзел.

Нике –кимдир-бирөөгө керек экениңизди сезинүү. Эми сен ак никең үчүн, адал жарың үчүн жана болочок кичинекей балдарың үчүн керексиң. Алар менен тыгыз карым-катнашта болуп жана аларга үлгү болуу.

Нике – жоопкерчиликти сезинүү. Эми сен өзүңдүн мыйзамдуу никең үчүн, жарың менен карым-катнашың үчүн жооптуусуң. Өз жоопкерчилигиңди сезе бил.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!