Ким көбүрөөк кызганат?

Ким көбүрөөк кызганат?
22-Сен. 2017, Жума, 12:47

1. Кызганыч деген эмне?

Бир тараптан япондор айтмакчы кызганыч бул сүйүүнүн жаны. Бул эки адамдын бири-бирине болгон жакындык сезими. Ошондой эле көрө албастык, өзүн сүйүүчүлүк жана жакын адамына ээлик кылгандыкты да билдирген сезим. Муну менен ал адамдан кол жууп калуу, алыстап кетүү коркунучу болот.

2. Кызганыч кантип пайда болот?

Жаныбарлар деле кызганат эмеспи, бул инстинк, бирок, адамдарда бул сезим тарбияга жараша да болуп, эреже катары негизинен жаш куракта өөрчүйт. Жаш бала канчалык сүйүктүү экенин сезсе өзүнө болгон ишеними, өзүн-өзү баалоосу да ошончолук жогору болот. Мындай балдар бир туугандарын кызганбайт жана чоңойгондо да кызганчаак болбойт. Бирок, өтө эле тентек, эрке балдар да кызганчаак келишет.

3. Ким көбүрөөк кызганат - мырзаларбы, айымдарбы?

Кызганыч анын күчү эмес, пайда болуусу менен айырмаланат. Аялдар чыдамкай келгендиктен кызганганын анчалык билдирбейт. Бирок, алар айлакер болушат. Эркектер ачык, тайманбагандыктан адатта алар ошол абалды көзөмөлдөп, ошондой эле экөөнүн мамилесинде басым көрсөтүп, үстөмдүк кылгысы келет.

4. Кызгануу канчалык деңгээлде туура?

Сүйүү канчалык күчтүү болсо адамдын бири-бирине болгон жакындыгы ошончолук бекем, ал эми канчалык коркунуч көп болсо ошончолук жоготуп алуу коркунучу арбын болот. Албетте, чөнтөк текшерүү, болбогон эле нерселерди ойлоп бири-бирин текшерүү, көзөмөлдөө ашыкчалык кылат. Эгер конкреттүү түрдө шегиңиз болсо бул башка кеп. Чыр-чатак, согуш чыгарбай бардык нерсени өз орду, түшүнүү менен эле чечкен оң, Жубайлардын биринин алдап кетип, көзүнө чөп салууда алардын бирөөсү депрессияга кабылышы толук мүмкүн. Бул нормалдуу керүнүш. Бирок, жанын кыюу же өзүн-өзү жазалоо, өзүнө зомбулук жасоо психикасынын бузулгандыгынын белгиси болуп саналат.

5. Кызганычтын болбоосу эмнени билдирет?

Бири-бирине болгон катуу ишеним, чыдамкайлыктын же керт башынын камын ойлобоочулуктун, ошондой эле жоготуп алуу коркунучунан коргонуп, өзүн кармоосу. Кээде өзүнүн күнөөсү болгондуктан же өтө эле кызыгуусу болбогондуктан да болушу ыктымал.

6. Кызганыч сезиминен «айыгып» кетсе болобу?

Ашыкча эле кызгануучулукту психотерапиянын жардамы менен айыктырууга болот, бирок, бул көпкө созулат. Кызганычтын себеби башкалардын жүрүм-турумунан эмес көбүнчө эле адамдын өзүнөн болот.

7. Кызгануунун айынан жасалган кылмыш кечиримдүүбү?

Психологдордун көз карашында кызганычтан чыккан зордук-зомбулук аныкталган эмес. Юристтер адатта кызганыч абалы (туталануу, ачуулануу) күнөөнү жеңилдетет дешет.

8. Кызганычтан жаман болбоо үчүн эмне кылуу керек?

Чыр-чатакты болтурбоо үчүн бири-бириңиз менен «укуктарыңыз жана эркиндиктериңиз» тууралуу сүйлөшүп алыңыз. Бири-бириңиздердин сырларыңыздарды өтө эле чукуй бербеңиздер. Бирок, курбу-курдаштарыңыз, иштеги жамаатыңыз жана тааныштарыңыз жөнүндө баарлашыңыз. Актанбоого аракет кылып, өзүңүздүн укугуңузду колдоно билиңиз. Мисалы, курбуңуз менен жолугууга, сүйлөшүүгө. Сизди коркутуп-үркүтүп, көзөмөлдөөдө аны жеңе билиңиз. Күтүлбөгөн бир эле кучактоо, жылуу сөз, кичинекей белек же көбүрөөк маани берүү, назик болуу сүйүүнү жоготуп алуу коркунучун бир топ азайтат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!