Эркектин мээси активдүү иштейби же аялдыкыбы?

Эркектин мээси активдүү иштейби же аялдыкыбы?
14-Окт. 2017, Ишемби, 13:35

Масштабы боюнча эң ири изилдөөдө окумуштуулар аялдардын мээси эркектердикине караганда активдүү экенин көрсөттү. Бул кээ бир нейрологиялык оорулардын өнүгүү өзгөчөлүктөрүн түшүндүрөт.

АКШдагы "Amen Clinics” клиникасынын эксперттери мээ кызматынын накта айырмачылыгын табуу үчүн эркектер менен аялдардын функционалдык МРТ сүрөттөрүнүнө салыштыруу жүргүзүштү. Жалпысынан мээнин 46,034 “SPECT”-сүрөттөрү талданды, алар 9 клиникадан камсыз болду. Изилдөө натыйжалары “Alzheimer's Disease” илимий журналына басылып чыкты. Анын авторлору бул талдоо аял менен эректин мээсиндеги айырмачылыктарды түшүнүү үчүн маанилүү экенин белгилешти. Эркектер менен аялдардын арасында аныкталган айырмачылыктар кем акыл сыяктуу неврологиялык оорулардын тобокелдигин тушүнүүгө жардам берет. Мындан сырткары, келечекте “SPECT”-сүрөттөрүн колдонуу менен мээ ооруларын дарылоого мүмкүн болот.

Салыштырууда аялдын мээси эркектикине карганда көптөгөн тармактарда активдүү болуп чыкты. Өзгөчө префронталдык жактан, көңүл жана импульстук көзөмөл менен байланышкан. Ошондой эле адамдын маанайы жана тынчсыздануусу үчүн жооптуу мээнин лимбикалык аймактары алда канча жигердүү экенин көрсөттү. Мээнин көрүү жана макулдашуу борборлору эркектерде көбүрөөк активдүү болгон. SPECT-сүрөттөрү мээ аркылуу кандын таралуусун өлчөй алат. Бул сүрөттөр мээнин ар кайсы аймактарында кан агымын текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү, эс алуу жана түрлүү таанып билүү милдеттерин аткаруу учурунда өткөрүлөт.

Жалпысынан, изилдөөгө 119 ден-соолугу чын ыктыярчы жана 26 683 оорулуулар, анын ичинде оор мээ жаракаты, психиатриялык шарттагы оорулуулар, биополярдык бузулуу, маанайы бузулган, шизофрения жана психоздук илдеттери бар адамдар катышкан. Бул изилдөөнүн жүрүшүндө окумуштуулар айрым милдеттерди аткаруу учурунда мээдеги 128 аймакты изилдешкен. Бул айырмачылыктарды түшүнүү өтө маанилүү, себеби мээнин жабыркашы эркектер менен аялдарда ар кандай таасир этет. Мисалы, аялдар көбүрөөк кем-акылдыгы, депрессия (Альцгеймер оорусунун бир коркунучту себеби болуп саналат), тынчсыздануу сыяктуу оорулар катталса, ал эми эркектерде көп учурда СДВГ жана инкарцерация (мээни кысылышына) байкалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!