Эркектерге элүү кеңеш!

Эркектерге элүү кеңеш!
17-Окт. 2017, Шейшемби, 15:05

Эч качан окуп-изденүүдөн чарчабаңыз.

Элдин алдына чыккан кезде, сүйүктүүң менен жолугушууга чыккандай кийинип жүрүңүз.

Бирөөнүн бактысы үчүн өзүңүздү өзгөртүүгө талпынбаңыз. Өзүңүз үчүн гана өзгөрүңүз.

Алгачкы таанышууда эрдигиңиз жетпей турган кыз менен таанышып көрүңүз. Бир аз таң каласыз.

Сизге түздөн-түз коркунуч жаратпаган адамга зыян келтирбеңиз.

Ар бир баш кийимди өз максатына жараша кийиңиз.

Сакал-мурутту самындап кырынууну үйрөнүңүз.

Жарашыктуу тигилген кооз костюм кийүү-жигиттин көркү.

Биринчи жолу мурутту багытына карай кыруу керек.

Адам менен сүйлөшкөндө көзүнө тик караңыз.

Вантуз зарыл болбой турганда сатып алып коюңуз.

Спорт менен машыгуу жигитти бактылуу кылат. Жүгүрүү, штанга көтөрүү, гантель менен машыгуу, футбол, басткетбол жана башка спорт түрлөрү.

Галстук тагынгандан мурда тишиңизди чайкап жууңуз.

Айлык акынын бир бөлүгүн жыйнап жүрүңүз.

Ата-энеңизге жума сайын коңгуроо чалыңыз.

Адамдардын колун бекем кысып саламдашыңыз.

Аялдын бут кийимине катыштуу мактоо айтыңыз.

Бир нерсеге ишенимдүү боло албай жатсаңыз да ишенимдүү калыбыңыздан жазбаңыз.

Адамды тынчсыздандырган нерсе аркылуу таанууга болот.

Максатыңызды аныктадыңызбы анда газды басыңыз.

Бирөө менен учурашып, саламдашуудан мурда ордуңуздан туруңуз.

Айырлып калуудан корккон нерсени карызга бербеңиз.

Жооп бергенге карганда суроо койгонго даяр болуңуз.

Адамдын баары өзү тууралуу айтканды жактырышат.

Кеңседе ашыкча кийим сактоону адат кылуу керек.

Курал-жарак алганда эң сапаттуусун танда, антпесе кайра-кайра сатып алууга тура келет.

Азаматтык-өзүңдү гана ойлоо эмес, айланага камкор болуу.

Эртеңки күнү уялбай айта ала турган чечимдерди кабылдаңыз.

Өзүңүзгө жаккан ишти таап, андан кандай пайда табууга болот экенин билиңиз.

Жошоодогу байлыгы менен кызматына карабастан ар бир адам сиздин урматыңызга ылайык.

Эң башкысы— жеке баштын жоопкерчилигин сезүү. Ар бир учурдун өз түйүнчөгү бар, ал эми сиздин максатыңыз- анын баарын чечүү.

Биринчи ачууланган адам жеңилет.

Эч качан жумуш менен моюнга жүктөлгөн ишке нааразыланба. Нааразыланганда башка бирөө келип жасап бербейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!