Эркек менен аялдын айырмачылыгы

Эркек менен аялдын айырмачылыгы
19-Окт. 2017, Бейшемби, 12:36

Адамдар ар түрдүү. Бирок, көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн айырмачылыктар бар. Биринчи айырмачылык ойлонуу жөндөмдүлүүгүндө. Эркектер кыйынчылык жаралса, ошону гана ойлошот. Аялдар болсо сүйлөшүп, ичиндеги бугун чыгармайын тынчыбайт. Ошондуктан эркектер ойлонуп жатканда тоскоолдук жаратпаңыз. Ал эми аялга ичиндегисин чыгарып алууга мүмкүндүк берүү керек. Антпесе, айтылбай калган ар бир сөз жүрөккө жеткен жебеге айланат.

Жигиттер бир шым менен көйнөктү кийип бир жума бою жүрө беришет. Ал эми аялдар кийим толгон шкафты ачып, кийгенге эч нерсе жок дешет.

Эркекке эмне айтылганы маанилүү болсо, аялдарга кандай айтылганы маанилүү.

Өзүн таануу, өзүн жашоого активдүү аралаштыруу – адамдын психикалык, руханий, физиологиялык өнүгүүсүндөгү маанилүү нерсе. Эркектер күч-кубатына таянып, өздөрүн ишенимдүү сезишсе, ал эми кыздар назиктиги менен бакыт табышат.

Эркектин көңүлүн тапкың келсе, тоскоолдук жаратпа. Аялды бактылуу кылгың келсе, сүйлөш.

Кийинки айырмачылык канаттандырууга байланыштуу. Жигиттердин маанайы сырткы жагдайларга байланыштуу өзгөрөт. Жумуштагы жетишкендиги, колунан келген эрдигине карата. Кыздардыкы - үй-бүлөдөгү карым-катнаш аркылуу өзгөрөт. Ошондуктан эркектер биринчи кезекте өзүнүн керектүү, маанилүү, эч кимге окшобогон жактарын сезүүлөрү тийиш. Азыркы заманда аялдар биринчиликти күйөөсүнө берүүнүн ордуна аны менен так талашат. Башкы кемчилик ушунда. Үйүнө келген азамат сүйүктүүсүн эмес, кезектеги атаандашын көргөндөй абалга жетет.

Эркектерге аялдарынын эмне жасап жаткандыгы маанилүү. Аялдарга ким менен бирге жүргөнү, ким менен бирге иштегени маанилүү болуп саналат. Каршы жактын катачылыгын көрүп, каршы сөз айтуудан карманыңыз. Бирге болуу маанилүү болсо – анда катачылыктарды жасоого активдүүлүгүн көрсөңүз да, сөз кылбоого тырышыңыз.

Эркектин катачылыгы жеке сөз. Ар бир жигиттин жүрөгүндө мушташууну каалаган тентектик бар. Ал эми аялдар күйөөсүнүн эң таалу жерин көрө билген касиетке ээ болушат жана ошол жерге катуураак басып жибергенге чейин жетет. Аялдар эркинен сырткары ошол кадамга барышат. Анын жүрөгүндө мээримдүү дарыгер өмүр сүрөт. Бирок күйөөсүнүн жүрөгүн даарылайм деп катачылыгын көрсөтө берүү да туура эмес. Эң жакшы даары – мактоо. Күйөөсү менен мактануу. Аял өзүн ушундай кармай алса, күйөөсү ал үчүн баарын жасайт.

Аял эркекке караганда маанайга жараша берилип кетет. Аялга сүйлөшүп, ичиндегисин чыгарып алуу маанилүү. Угуп жаткан адам акыл-кеңеш айтпаса да жөн гана айтылган нерсени түшүнсө жетиштүү. Ал эми, эркектер логика менен өмүр сүрүшөт. Кыйынчылык эмнеден улам чыкканын билгенден кийин аны чечүү жолун издешет.

Аялдарды сүйүү деген – анын айтканын уга билүү. Эркек уга билбесе, аял өзүнө көңүл бөлдүрүүнүн ар түрдүү ыкмаларды издей баштайт.

Эркекке жөн гана ийгилик эмес, өзү билип жасаган, өз колу менен жеткен жетишкендик маанилүү. Өкүнүчкө карай, ар бир эркектин жетишкендигин эң оңой, мааниге ээ эмес кыла алган аялдары бар. Эркек киши жетишкендикке жетейин деп турганда аялы кереги жок кеңешин айтып баарын талкалайт.

Жардам берүү – энесинин баласына деген табигый сезими. Үй-бүлөдө бала жок, же бирөө гана болсо күйөөсү да балага айланат. Эркек маселени өзү чечүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылат. Аялдын түйшүгү эркектин логикасын таанып билүү. Эркек- логик. Ал эч нерсе түшүнбөгөн аялдардын түйшүгүнө ишенип, канча убакыт коротуп тапкан жоопту айта салганын көтөрө албайт.

Күйөөсүнө жардам берүү- ага тоскоолдук жаратпоого барып такалат. Күйөөсүнүн жасап койгон ишин андан да жакшыртуу деген ой аны кемсинтүү болот. Эркектер мындайды көтөрө алышпайт.

Айырмачылык көп. Карым-катнаштын негизги прициптерин түшүнгөн жан сүйүктүүсүнүн жүрөгүнө ачкыч таба алат.

Эмнеге аялдар менен эркектер ар түрдүү? Айырмачылыкты баалай билбегендин кесепетинен уруш-талаш чыгат. Адам өмүргө сан түрдүү айырмачылыкты көрүү үчүн келет. Автобуста, унаада, поезде, учакта, саякаттоо кезинде, музейде биз өз жашообузда жок өзгөчөлүктөрдү көрүүгө ашыгабыз. Сүйүктүүбүздүн мүнөзүнөн толтура өзгөчөлүктү табуу мүмкүндүгүнө ээ болуп жатып, аны кемчилик кылып көргөнүбүзгө таарынабыз. Санаасыз адамды ар түрдүү жол менен таарынтуунун ордуна кубантуу керек.

Махабат- жалаң гана бакубат келечек үчүн жасалган кадам эмес. Өзүңүз такыр билбеген адам менен өмүр сүрүү, аны түшүнүү, баалоо, бактылуу кылуу болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!