Күйөөңүздүн көзүңүзгө чөп салып жүргөнүн кантип билүүгө болот?

Күйөөңүздүн көзүңүзгө чөп салып жүргөнүн кантип билүүгө болот?
31-Окт. 2017, Шейшемби, 16:24

Австралиялык “Lipstick Investigations” компаниясынын башкаруучу директору Дэвид Кинг эркектердин аялын алдап жүргөнүн көрсөтүүчү негизги белгилерди айтты. Бул тууралуу “lenta.ru” сайты маалымдады.

Көзгө чөп салып жүргөн эркек сырткы келбетине маани бере баштайт, тез-тезден өзүн каранып, гардеробу менен парфюмериясын алмаштырат. Мындай күйөөлөр, адатта колунан телефон таштабайт. Себеби ага өзгөчө каттар келиши мүмкүн. Ошондой эле, алар смартфондоруна пароль коюшат.

«Эгер адам күнөлүү болсо, анда ал ачулануусу мүмкүн. Күйөөлөр үйдөн чыгуу үчүн бул ыкманы көп колдонушат», - дейт Кинг.

Сарепчинин пайтуусу боюнча, аялын алдаган эркектердин жүрүш-турушун акылга конумдуу деп айтуу кыйын. Көзгө чөп салган эркек түрдүү шылтоо ойлоп табып, жумуштан же болбосо кыдыруудан өтө эле кеч чыгат.

Экперттердин билдирүүсү боюнча, эркектердин социалдык желелердеги активдүүлүгү менен банк карточкаларынан үзүндү көчүрмө да анын аялын алдап жүргөнүн көрсөтөт.

Кинг башкарган компания жубайлардын бири-биринин көзүнө чөп салганын аныктоо менен 20 жыл бою алектенип келет. Компания, адатта, аларды аңдып, жашыруун камерага түшүрүп алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!