Куттуу үйдү куруунун алтын эрежеси

Куттуу үйдү куруунун алтын эрежеси
14-Ноя. 2017, Шейшемби, 16:17

Адатта үй-бүлөнү сактап калуу, очоктогу тутанган отту алоолонтуп, үйдүн кутун арттырууга аялдар милдеттүү болуп келет. Бирок коомдун өзөгү болгон үй-бүлө-нү, ыйык никени сактап, балдарга жакшы тарбия берүүдө аял менен эркектин ортосундагы мамиледе гармония болмоюнча, натыйжа чыкпайт. Бул ирет «мык-ты күйөөнүн» жана «мыкты жубайлар» алтьн эрежелерин сунуш кылмакчыбыз.

Мыкты күйөө болгусу келгендерге

1. Өмүрлүк жубайыңызды сиз жеке эле анын ата-энесинен эмес, Кудайдан да аманат катары алгансыз. Ага жакшы мамиле жасоо керектигин эч качан эсиңизден чыгарбаңыз.

2. Баарлашуу адамга абдан керек. үйде жубайыңыз менен баарлашууну, пикир алышууну, аны уна билүүнү ар дайым биринчи планга коюңуз. Жакшы сөздөр келинчегиңиз үчүн маанилүү

3. Келинчегиңиздин үйдөгү иштерди аткарууда, балдарды чоңойтуп, тарбиялоодо жасаган эмгегин баалаңыз. үй иштеринде ага жардам берүүгө аракет кылыңыз.

4. Өзүңүздүн ата-энеңизге, бир туугандарыңызга болгон сый мамилеңизди анын жакындарына да көрсөтүңүз.

5. Канчалык ишиңиз көп болсо да, убактыңыз өтө аз болгон күндө да сөзсүз жу-байыңыз менен жалгыз калып, анын пикирин, сөзүн угууга убакыт бөлүңүз.

6. Иштен келгенде иштеги кыйынчылыктарды эшиктин ары жагына калтырып, үйгө кубаныч алып киргенге аракет кылыңыз.

7. Кичине болсо да кээде жубайыңызга белек тартуулап туруңуз.

8. Үйгө тиешелүү материалдык маселелерди жубайыңыздан жашырбаңыз. Андан жашыруун ашыкча каражат сарптабаңыз.

9. Өз балдарыңыздын же бир туугандарыңыздын, досторуңуздун, ата-энеңиздин алдында аны кемсинткен сөздөрдү айтпаңыз, кемчиликтерин элдин көзүнчө күнөө катары койбоңуз.

10. Кереги жок кызгануулардан сактаныңыз.

11. Жубайыңыздан кемчилик издеп жатып, өзүңүздүн да төрт тарабыңыз келишкен, кемчиликсиз эмес экениңизди унутпаңыз.

Мыкты жубайдын эрежеси

1. Жумуштан келгенде балдарыңыздын арыз-муңун, ал эми жолдошуңуз жумуштан кеч келип, жумуштагы проблемалар боюнча даттанса аны угууга даяр болуу абзел.

2. Тазалыкты эркектердин көзү менен караганга үйрөнүңүз. Эч качан тазалыктын кулу болбоңуз.

3. Чачылган үйдү карап ачууланбаңыз. Эгер балдарыңыз чачса, алардын өзүнө жыйнатып үйрөтүңүз.

4. Жолдошуңуз жумуштан келгенде балдар ар убакта таза болуусу керек.

5. Кечинде жумуш кылам деп кошуналардын да, үйдүн да тынчын албаңыз.

6. Жолдошуңуз жумуштан келгенде ар дайым жылмайып тосуп алыңыз.

7. Эгер жолдошуңуздун көңүлүн көтөргүңүз келип жагымдуу нерсе жасасаңыз
чын ниетиңизден кылыңыз. Анткени жасалмалуулук түбөлүк боло албайт.

8. Жолдошуңуз кандайдыр бир маселе туурасында айтып берсе, жакшылап
угуңуз да, анан эмне кылаарын сураңыз.

9. Негизинен майрамдык маанайды бузбаңыз, бул айрыкча эсте калышы мүмкүн.

10. Проблемалар туурасында ал эшиктен кире элек замат баштабаңыз. Бир аз эс алып, акылын жыйнаганга мүмкүнчүлүк бериңиз.

11. Жолдошуңузга үндү бийик чыгарып кыйкырбаган дурус. Эгер ал түшүнсө, Сиз тараптан сый болсо, ал да сыйлайт.

12. Мыкты жар албетте, биринчи орунда турат. Эң жакын да, ишенимдүү да адамына айланасыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!