Турмушка чыкканы жаткан кызга кеңеш

Турмушка чыкканы жаткан кызга кеңеш
16-Ноя. 2017, Бейшемби, 14:24

Муундан-муунга, ападан кызга айтылуучу чоң энелердин айткан осуяты:

Кызым, өзүң төрөлүп өскөн, багып чоңойткон ата-энеңдин уясынан учуп, жат элге кетип бара жатасың. Кулк-мүнөзүң, каада-салтын билбеген адам менен турмуш курасың.

Ошондуктан:

Сен ага жер бол! Ал сага көк (асман) болсун!

Сен ага үй бол! Ал сага тирек болсун!

Сен ага күң бол! Ал да сага кул болсун!

Сен ага кыйындык туудурба! Сага деген сезими өчпөсүн!

Андан алыстан кетпе! Сени унутпасын!

Анын көзүн, мурдун, кулагын өзгөлөрдөн сакта! Көзү сенден баканы көрбөсүн, сенден башканын жытын билбесин жана сенден ар дайым жакшы сөздөрдү уксун!

Үйдө отуруп үй жана кол-өнөрчүлүк жумуштарың менен алектен!

Үйгө азык-түлүктөн эмне алып келсе да чын жүрөк менен кабыл ал, ыраазы бол жана ал жок, бул жок деп эч качан нааразыланба!

Күйөөңдүн укугун өзүңдөн жогору кой!

Күйөөңдүн тууган-тууштарына, жакындарына урмат-сый көрсөт! Аларды сыйлаганын, күйөөңдү сыйлаган менен тең.

Таза жана тыкан бол.

Коңшулар менен жакшы мамиледе бол! Алардан келчү кыйынчылыктарга сабылдуу бол!

Өзгөчө кошуналардын арасында сөз ташыба! Сөз ташыгандан узак жүр!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!