Жигиттердин бул оюу туура эмес

Жигиттердин бул оюу туура эмес
17-Ноя. 2017, Жума, 16:11

Коомдо бир аз стереотип ой калыпташкан. Алардын бири жигиттердин “кыздар биздин чөнтөгүбүзгө карабашы керек” деген оюу жатат.

Эркек киши өз жарына камкор болуш керек. Эгер буга каршы келсеңиз, сизге аялзаты менен бирге туруу эмне үчүн керек? Ал сизге эч себепсиз ашык боло алабы?

Күйөөсү аялынын турмушу, керек-жарагы үчүн каражат бербей турганын укканда ар бир адамдын журөгү жанчылат.

Ага акча берип, жагдайын жакшы шарт тузуп бере албасаңыз, анда эмнеге ал аял менен турасыз? Мындай жигиттер же өзүн бактылуу кыла албайт, же башканы бактылуу кылууга мүмкүндүк бербейт.


Бул сыяктуу карым-катнаштын кесепети кандай болот?

Жакшы көргөн адамы өзүн кубантууга аянса, чөнтөгүндө турган акчаны чыгаргысы келбесе аялзатынын мүнөзү оорлой баштайт. Анын боюнда эркектик касиеттер калыпташат. Эмнеге? Себеби эми ал өз камын өзү ойлоп, акча табуусу керек. Натыйжасында назиктик касиетинин өнүгүүсү токтоп калат. Ал эми бул өз кезегинде үй-бүлөдөгү мамилеге терс таасир берет.

Аял акылдуу, даанышман болсо, эркек адам ийгиликтүү болот эмеспи. Чындыгында көптөгөн ийгиликтүү эркектердин айтуусу боюнча, алардын жанында ар дайым күчтүү, сүйүүгө бекем жана чынчыл жарлары коштоп келишкен. Ал эми «мен ал үчүн бир тыйын да жумшабаймын» деген болсоңуз, ким сиздин жаныңызда болот?

Биздин айталы дегенибиз үнөмдүүлүк касиети эмес. Биз чыныгы сараңдыкты сынап жатабыз. Албетте, аялга асмандагы айды алып берип, акча чачыңыз дебейбиз. Ашыкча эркелик да туура эмес. Бул жерде гармония болушу кажет. Демек, акыл менен жумшай ала турган кезде, өзүнө деген камкорлук менен көңүлдү баалай алган аял жана сүйүктүүсүн кубантууга даяр, жарын баалай билген эркек болууш керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!