Эр жигиттин жүрөгүн эмне жаралайт?

Эр жигиттин жүрөгүн эмне жаралайт?
20-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 12:57

Изилдөөчүлөр аялдар үчүн эркектин эмоционалдык абалы көзгө чөп салуудан да кыйын тиерин аныкташты.

Ал эми эркектер үчүн баары тескерисинче экен.

Аял киши баласы үчүн жанын берүүгө даяр экени илгертен белгилүү. Ошондуктан күйөөсүнүн үй-бүлөсүн таштап кетпей, өзүнө коргоо болуп, камкордук көрсөткөнү ар бир аял үчүн өтө маанилүү.

Жолдошу башка бирөөгө ашык болду деген ой аялдын жүрөгүн жаралайт. Ал эми эркектердин жанын жеген маселе – өз балам деп алданып, өзгө бирөөнүн баласын тарбиялоо. Ошондуктан эркектер аялынын болушунча адал болуусун каалашат.

“Тагыраагы башка эркек ашык болсо да, көзүнө чөп салбаса болгону”, – дейт Норвегиялык изилдөө жана технология университетинин адистери.

Тажрыйбага миңден ашуун эркектер катышкан. Натыйжасында эркек менен аялдын психологиясынын башкы айырмачылыгы аныкталды.

Тажрыйбага катышкандар кызганыч тууралуу төрт түрлүү сурам-жылоого жооп беришти. Сурам-жылого катышкандардын жарымы чыккынчылык эмоционалдуу же сексуалдык көрүнүштө өтө маанилүү делген (өннүккөн окуянынын төрт түрлүү сценарийи сунушталды).

45,9 пайыз эркекти аялынын эмоционалдык чыккынчылыгынан көрө, башка менен болгону, санаага батырат экен. Ал эми аялдар тарабынан болгону 16,6 пайызы гана бул пикирди колдоду. Бул аял менен эркек психологиясындагы үлкөн айырмачылык деп айтууга болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!