Кыздардагы жигиттерди чочуткан беш сапат

Кыздардагы жигиттерди чочуткан беш сапат
21-Ноя. 2017, Шейшемби, 15:17

Эркектер менен аялдар, жигиттер менен кыздар арасындагы карым-катнаш өтө назик болуп саналат. Ошол себептен да карым-катнашка жарака келтирбеш үчүн кыз-келиндер жаман адаттардан арылуу керек. Ал кандай эркектерди чочуткан жаман адаттар десеңиз төмөндөгү материалга көңул бөлүңүз:

1. Эркек кишиге жашооңузга нааразыланып, байкуш болуп кейип таанытпаңыз. Өзгөчө бул мамиленинин алгачкы убактарында маанилүү. Себеби жигиттер сизге келгенде маанайын көтөрүп, жакшы нерселер тууралуу сүйлөшкүсү келет. Ал эми сиздин маанайыңыз жок болсо анын да көңүлү чөгөт.

2. Анын сыйлаган белектеринин баасын бетине басып айтпаңыз. Ар бир адам өзүнүн мүмкүндүгүнө жараша белек тартуулайт. Сиздин материалдык суроо-талабыңыздын жогоруу экенин көрүп, ал ойлонбостон баш тартуусу мүмкүн.

3 .Эркекке буйрук бербеңиз. Анын сизсиз да жумушта башчысы бар. Эркектерге кыз-келиндердин чоң болуп, буйрук берип турганын таптакыр жактырышпайт.

4. Айланадагы баардык дүйнөгө, адамдарга негатив менен карабаңыз. Сиздин оозуңуздан жалаң гана жагымсыз сөздөрдүн чыгарын көргөндөн кийин ал адамдын сиз тууралуу оюу таптакыр бузулат. Эркектер мээримдүү, ачык- маанай кыздарды каалайт.

5. Эркекти дароо көзөмөлгө алууга тырышпаңыз. Эсеп сурабаңыз, текшербеңиз. Ага эркиндик бериңиз. Себеби эркектер эркиндикти баарынан жогору баалашат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!