Жигиттер эмне үчүн күчтүү болушат?

Жигиттер эмне үчүн күчтүү болушат?
22-Ноя. 2017, Шаршемби, 14:43

Кыздар жигиттердин көптөгөн кылык-жоруктарын кээде түшүнбөй келишет. Ал кайсы жоруктар экен десеңиз:

Кыздар жигиттердин эмне үчүн күчтүү болуушарын биле беришпей. Анткени, жигиттер коому өздөрүнүн сырткы көрүнүш жагынан күчтүү болгону менен ички жан дүйнөсү жагынан алсыз экенин билишет.

2. Кыздар эмне үчүн балдардын оңойлук менен көз жашын көрсөтпөй тургандыгын билишпейт. Себеби, жигиттердин көз жашы менен бирге махабат менен башталган иш аякталат.

3. Айымдар эмне үчүн жигиттер азап чекен же болбосо кайгы-муңга баткан кезде, тамеки чегерин билишпейт. Анткени, жигиттер ошол бууланган көк түтүн ичинде туруп мурунку өткөн бактылуу кездерин эсине түшүрүп, үшкүрүп алышат.

4. Бактысыз махабаттан кийин да жигиттер кыздардын ал жагдайын сурап турганын түшүнбөй келишет. Себеби, жигиттердин бул кылыгы достук пейилде эмес, мүмкүн болсо мурунку өзүнө таандык сезимди кайра кайтаруу үчүн чыгаар.

5. Эмне үчүн: кыздар ыйлаган кезде жигиттер өзүн кармана албай, ачууланып, эмне кылаарын билбей калган учурлар кездешет. Себеби, кыз-жигит арасындагы уруш-талашта жигиттер жеңилип бара жатып да бир нерсе айтып калууга жетишишет, ал эми кыздар жараланса аны айыктырып алаарын билишет. Бирок, кыздардын көз жашын көргөндү каалашпайт.

6. Айырылышкандан кийин жигиттердин эмне үчүн аракка берилип кетээрин билишпейт. Анткени алар ушу кечте мас болуп баарын унутуп калбаса, өткөндүн элеси өздөрүн мас болуудан бетер кыйнай тургандыгын билишет.

7. Аялдар коому эркектерди ушунчалык жакшы көрсө да, ачуулана бергендиктерин түшүнүшпөйт. Анткени, эркектердин ачууланусу алардын сүйбөгөндөн эмес, кайра ушудан кийин бул катачылыкты кайталап, башкаларга алданып калууңузду алдын алуу үчүн.

8. Кыздар жигиттердин сейилдөөгө чыкканда же бирге өткөргөн убактарында эмне үчүн колу ачык, кең пейил, берешен болуп калууларын түшүнүшпөйт. Себеби, эркектер ичпей-жебей жүрөө бериши мүмкүн, бирок өз атак-даңкынын жакшы көргөн адамына түндүрүүнүн аракети.

9. Кыздар жигиттеринин эмне үчүн мурунку жигитинен кызганып жүрөрүн билишпейт. Бул жигиттердин аны сүйбөгөндүгүнөн эмес, кайра аны таштап ошол адамга кетип калуусунан коркондугунан ушул кадамга барат.

10. Кыздар жигиттердин өздөрүнөн башка бир кыз үчүн арнап жазган ыр, проза, күндөлүктөрүн көргөндөн кийин салкын таанытып, аны түшүндүрүп берүүсүн күтүп жаткандыктарын түшүнүшпөйт. Бул жигиттердин ачуусун келтирүү максатында эмес, өз оозунан анын көңүлүндө ким маанилүү орунда тургандыгын билүү үчүн.

11. Кыздар өзүн сүйгөн жигиттердин эмне үчүн “Сени жакшы көрөм” деген сөздү айтпагандыгынын сырын билбей келишет. Бул алардын жакшы көрбөгөндөн эмес, кайра “Мен сени жакшы көрөмүн” деген сөздүн алардын келбетинде жазылып тургандыгын билгендиктен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!