Жаш келин билүүгө тийиш милдеттер!

Жаш келин билүүгө тийиш милдеттер!
24-Ноя. 2017, Жума, 15:27

Эң алгач эле бүлөгө туш болгон келиндин милдети бул күйөөсүнүн ата-энесин жана тууган-уругуна сыйлап, урматтоодон башталат. Илгертен бери улуу-кичүүгө карабай сыйлап, урматтап келген салтты кармансаңыз ким сизге жаман карасын?

Келин баарынан эрте туруп, үйдүн тундүгүн ачып жаңы күндү тосуп алат эмеспи. Албетте элдин аягында жатуу керек экени айтпаса да белгилүү.

Келин улууларга ийилип салам берүүсү керек. Бул да келиндин тарбиялуу экендигин көрсөтөт.

Бүгүнкү күндөгү кыз- эртеңки келин. Ошондуктан, ар бир кыз баласы от жагып, тамак жасап, чай куюп, камыр жууруп, нан жасап, үйдүн да сырттын да жумушун чогуу алып кете алган, ошону менен бирге күйөөсүн жылуу тосуп алып, ата-энисин багып, алардын көңүлүн таап, бул сыяктуу милдеттерди аткара билүүсү тийиш. Ал эми шаарда тургандар үчун жүктөлгөн милдеттер мындан да жеңилирээк болот.

Келин кыйкырбай, акырын, сыпайы сүйлөөсү абзел, каттуу күлүп, жат кылыктарыңызды көрсөтүүдөн оолак болуңуз, чарчаганыңызды билдирбеңиз.

«Адамды кийиминен карап тосуп алат» дегендей сиз эми келинсиз. Ошондуктан, сиздин турпатыңыз үйдөгү ролуңузга шай келүүсү зарыл. Этегиңиз (юбка) узун, көкүрөгүңүз жабык болгон кийимдерди кийиңиз.

Үстөл башындагы аңгеме үстөл башында калуусу тийиш. Ата-энеңиз, жолдошуңуз менен болгон жагымсыз сөздөрдү ата-энеңизге айтып баруудан алыс болуңуз. Аларды ата-энеңиздин алдында жаман көрсөтүп алууңуз мүмкүн.

Күйөөңүздүн туугандарына, досторуна ызат көрсөтүп, ар дайым кичи пейил болуңуз. Анткени, жарыңыздын туугандары сиздин балдарыңыздын ага-эжеси, коргоону. Ал эми досторун кандай болсо да кабыл алыңыз. Себеби, алар кыйын учурда жанында болгон адамдар эмеспи?

Өзүңүзгө катыштуу болбогон сөздөргө маани бербеңиз. Ушак ташуудан алыс болуңуз.

Үйдүн очогун тутантып, кут-берекесин киргизип туруучу эми сизсиз! Жоктон бар кылып, уяңыздын жамандыгын жашырып, жакшылыгын ашырыңыз. Ар дайым кыз баласына артылган милдетти моюндап, абройлуу аткарып, куттуу келин болуу өзүңүздүн колуңузда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!