Эркек кайсы учурда аялынан кетет?

Эркек кайсы учурда аялынан кетет?
25-Ноя. 2017, Ишемби, 11:54

Үй-бүлөдөгү бекем мамиленин жарымдан көп жоопкерчилиги аялдын моюнунда жатат. Урматтуу айымдар, күйөөңүздүн "кош бол" деп айтышына себеп болгон төмөнкү учурларды эске алып коюңуз. Эркек кайсы учурда аялынан кетет?..

Аял кызыксыз болуп калганда

Сүйлөшүүдөбү, төшөк оюнундабы - мааниге ээ эмес. Эркек дайыма идеал болбосо да сүйлөшкөнгө кызыктуу, жагымдуу аялды издейт. Эркектер аялынын акылдуу болуусун каалашпайт, мындан алар өздөрүн төмөн сезишет. Ошол эле учурда сериалдан башкага кызыкпаган аңкоо аялдар да аларга керек эмес. Аял - күйөөсүнүн каалаганындай болуп өзгөрө алган актриса болууга тийиш.

Мүнөздөрү келишпей калат

Аялдар болбогон жерден чыр чыгарышат да, жеңилүүнү каалашпайт. Унчукпай эркекке баш ийип отуруп калуунун ордуна айтышып турушат. Бул көрүнүштүн бир нече жолу кайталанышы ажырашууга алып келет. Эркектер табиятынан лидерликти сүйүшөт. Андыктан, карама-каршылык учурунда биринчи аялынын жол бошотуусун каалашат.

Аял жеңил мүнөздүү болсо

Коомдук жайда же конокто аялынын күтүлбөгөн жерден баштаган жосунсуз жоругу үчүн кызарып отурууну кандай гана эркек болбосун каалабасы анык. Учурду ылгабай болбогон шылтоо менен мүнөзүн көрсөткөн мындай түшүнүксүз аял менен жашоо жеңил эмес.

Аялдын мурунку жашоосу "бай" болсо

Жаш кезде эркектерди кол жоолуктай алмаштыраардан мурун отуз жаштан кийинки жашоону ойлонуу абзел. Мындай учурда жакшы күйөө табуу мүмкүнчүлүгү азаят, анткени, аялдын мурунку эркин жашоосу тууралуу көпчүлүк кабардар болот. Ар бир эркектин кыялы - аялынын биринчиси болуу.

Аял өзүн карабай калганда

Туура, мамиледе сырткы келбет өтө чоң мааниге ээ эмес, бирок, эркектер буга көңүл бурбайт деп айтууга болбойт. Эгер эркектин келбети келишкен, жарашыктуу кийинген, чогуу жашагандарына эки жыл болбой семирип, толук аялга айланса, эркектин аялына болгон кызыгы тарайт.

Аял эркектин акчасын пайдаланса

Аялдарга жагынуу эркектерге албетте жагат. Алар айымдарды жан-дили менен ресторанга алып барып, гүл берип, белек тартуулашат. Мунун акысына болгону алар айымдардан сүйүү талап кылышат. Эгер аялды эркекке болгон эч кандай сүйүү сезими жок эле анын акчасы тартып турса, эртеби-кечпи, ал акчалардан куру калышы мүмкүн.

Аял турмушка чыккысы келгенин өтө эле ачык билдиргенде

Турмушка чыгуу үчүн боюна бүтүрүүгө даяр аялдар бар. Эгер эркектин сизге үйлөнгүсү келсе, ал өзү эле белгилүү болот. Учурда ал бул нерсеге даяр эмес болсо шаштыруудан пайда жок.

Аял күйөөсүнө караганда көп акча таба баштаганда

Эгер эркек көп акча тапса, бул үй-бүлөдөгү кадимки көрүнүш. Ал эми аял көп акча таба баштаганда үй-бүлөдө маселе жаралат. Көп акча тапканын милдет кылып күйөөсүн кемсинтүүсү үй-бүлөнүн бузулуусуна алып келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!