Чын сүйүүнү түшүнүүгө жардам берген суроолор

Чын сүйүүнү түшүнүүгө жардам берген суроолор
2-Дек. 2017, Ишемби, 14:31

Ар бир адам башка бир адам менен баш кошуп, ар бир адам сүйө алат. Жүрөк акылга көнбөгөнү менен ички ойго багынат. Бирок адамдар бирге жүргөн кездеринде боор басып калса, чын сүйөбү, сүйбөйбү ажырата албастан карым-катынашты үзбөй түшүнүнүксүз жагдайда жүрө беришет.

Бул адам жашооңуздан жоголуп кетти деп элестетиңиз, ансыз күн кечире алат белеңиз? Өзүңүздү кандай сезесиз? Ушул суроолорго терең ойлонуп жооп бериңиз. Ал сизден алыста, чет жерде өмүр сүрүп жаткан учурун ойлонуп көрүңүз. Махабат бар жерде, тоскоолдук да болот. Эгер бул адам жок болсо, коркунуч пайда болуп, тынчыңыз кете баштайбы?

Эгер сүйүктүңүз ден соолугу жөнүндө түйшүктүү маселеге жолукса, аны таштабайсызбы? Бул көптөгөн психологдордун жашоодогу маанилүү суроосу болуп саналат. Никеге турган кезде ооруда да, кайгыда да бирге болууга убада беремин деп айтылган сөздөр бекеринен эмес. Эгер жаныңыздагы адам айыкпас дартка чалдыкса, аны өмүрүңүздүн аягына чейин багып өтүүгө даярсызбы?

Сүйгөн жаныңыз жөнүндө бирөөлөрдүн жагымсыз сөз укканда кандай сезимде болосуз? Ал эми таарынышып калган кезде өзгөлөр аны жамандасачы? Бул суроону башкалардын тамашалап айткан сөздөрү менен чаташтырбаңыз. Анын атына айтылган жаман сөздөргө сиз де таарынасызбы, башкалардын алдында аны актап алууга дараметиңиз жетеби?

Ушул суроолорго жакшылап ойлонуп жооп бериңиз, ошондо мамилени ары карай улантуу керекпи же жокпу – түшүнүнүктүү болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!