Аялдар бир көрүп сүйүп калбайбы?

Аялдар бир көрүп сүйүп калбайбы?
16-Янв. 2018, Шейшемби, 15:50

Аялдар эч качан бир көрүп ашык болушпайт. Мындай жыйынтыкка британ окумуштуулары келди. Мырзага деген өзгөчө сезим тутануу үчүн аялдар кем дегенде аны менен алты ирет көрүшүүсү кажет болот деп изилдешкен.

"Окумуштуулар жалгыз бой аялдарга байкоо жүргүзүшкөн. Белгилүү болгондой, аялдар жаңы мамиле куруу өтө тез болуп кетүүсү үчүн аракет кылышпайт. Келечектеги шеригин биринчи жолугушууда таанып-билүү үчүн аялдарга орточо эсеп менен 45 секунд талап кылынат",- деп айтылат изилдөөдө. Алгач алар маңдайындагы эркектин көзү менен бетине карашат. Андан кийин гана жигитти изилдеп башташат.

Экинчи, алар байкаган нерсе нике шакеги бар-жогун текшерүү үчүн эркектин манжалары болот. Андан кийин гана кийген кийимин, дене бою менен өзүн-өзү алып журүшү, сүйлөгөн сөзү бааланат.

Айымдар бир көргөндө эле мырзалардын тырмагын, дене мүчөсүн жана терисин карап жетише алышат экен. Ушундан кийин гана алар бул адам менен мамилени андан ары улантуу керекпи же жокпу чечишет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!