Жылуу мамиле жумушка узатуудан башталат

Жылуу мамиле жумушка узатуудан башталат
13-Март 2017, Дүйшөмбү

Жаңы үйлөнгөн түгөйлөрдүн арасында эртең менен жолдошун жумушка жылуу-жумшак узатып, кечкисин жаркын маанай менен тосуп алуу адаты кеңири тараган. Убакыттын өтүшү менен жубайлардын ортосундагы ысык мамиле салкын тартып калаары катардагы көрүнүш. Айрымдар муну ортодогу сүйүү балага өтүп кетти деп болжоп жүрүшөт. Бул жаңылыш ой экенин австриялык окумуштуулар иш жүзүндө далилдешти. Көрсө, ортодо канча убакыт өтпөсүн, канча балалуу болбоңуз мамилени жаңы үйлөнгөндөгүдөй сактап калуу ар бир түгөйдүн колунда экен. Болгону ал үчүн түгөйлөр бири-бирине бир аз көңүл буруп, үйдөгү "аба ырайын" жакшыртуу демилгесин ар бири өз колуна алышы зарыл.

Эртең менен жолдошуңузду жумушуна узатуу менен анын күнүн бейпил, жакшы маанайда өтүшүнө шарт түзө аласыз. Болгону төмөндөгү эң жөнөкөй эрежелерди эске тутуп коюңуз.

1 Жолдошуңуздун эртең менен жакшы маанайда ишине аттануусуна кечинде эле кам көрүп баштаңыз. Кийе турган кийимин кечкисин даярдап койгонуңуз оң. Болбосо эртең менен анын убактысын, өзүңүздүн нервиңизди алып шашкалактап даярдаган кийимиңизди көрүп көңүлү чөгүшү мүмкүн.

2 Кечээ кечинде чечилбей калган ортодогу маселенин уландысын эртең менен баштоонун кажети жок. Анткени, ар бир адам жумуш күнүн жакшы маанай, сергек мээ менен баштагысы келет. Болбогон майда-барат маселелер анын көңүлүн ирээнжитип, жумушунан алагды кылышы ыктымал.

3 Психологдордун жүргүзгөн практикасында айымдардын 58%ы жолдошунун маанайын эртең менен жумушка кетээрде майда, анча маанилүү эмес маселелерди айтып бузушаары аныкталган. Бул көрүнүш алардын жумушка болгон кызыгуусун таратып, психологиялык жактан эки эсе чарчатаары белгилүү болду.

4 Жубайлардын ынтымактуу мамилеси алардын бирге канча жыл түтүн булатып келе жатканына көз каранды эмес. Улгайган күндө деле эртең менен сүйүктүүңүздү жумушка узатууну жакшы көргөн жумушуңузга айландырыңыз. Анткени, жолдошуңузга ысык чай берип, аны менен сүйлөшүп сырдашуу ортодогу мамилени билинбегени менен алда канча жакындатат.

5 Айрым эркектер жоопкерчиликти мойнуна алып, эртең менен өз алдынча тамагын ичип, жумушуна камынып кеткени жакшы адат. Бирок, ар бир эле эркек ачык айтпаганы менен жубайынан жылуу мамилени, камкордукту күтөт. Жолдошуңуздун арзуусуна татып, мамилеңизди көпкө чейин ысык бойдон сактайын десеңиз, эртең мененки уйкуну курмандыкка чалууга туура келет.

Ал эми кечинде:

1 Жолдошуңуздун жумуш күнү оор болду, босогону чарчаңкы аттаганын байкап турсаңыз да аны күлүп-жайнап тосуп алганга аракет кылыңыз. Адам ачка болуп турганда суроо жаадырып, аларга жооп күтүү кыжырын кайнатаарын өзүңүз деле жакшы билсеңиз керек.

2 Тамактануу учурунда жумуш күнү кандай өткөнүн, эмне жаңылыгы бар экенин суроону унутпаңыз. Жолдошуңуздун айткандарын угуңуз, бирок, анын иш күнүн баш-отуңуз менен киришип талкуулап, үйдү кеңсеге айландыргандан карманыңыз.

3 Балдарыңыздын күлкүсү, ойногону албетте жакшы, бирок, жолдошуңуздун оор иш күнүнөн кийин аны ызы-чуудан бир аз оолакататып, тынч эс алуусуна шарт түзүңүз.

4 Үйдүн тазалыгы, тамактын даамдуулугу кандай эркектин болсо да көңүлүн көтөрөт. Эртеден кечке үйдүн түгөнбөгөн түйшүгү менен алышып чарчасаңыз да жолдошуңуздун келишине үйдү таза кармап, жакшы көргөн тамагын даярдап койгонго аракет кылыңыз. Себеби, сиз тууралуу жакшы оюн өзгөртпөй, тең салмакта кармап туруш сиздин гана колуңузда.

5 Жолдошуңуз сиз үчүн, кичинекей мамлекеттин жакшы жашоосу үчүн кара жанын карч уруп иштеп жүргөнүн эсиңизден чыгарбаңыз. Сиздин, балдарыңыздын жашоосуна жакшы шарт түзгүсү келген жакын адамыңызга үйдөн эс алууга жакшы шарт түзүп берүү түздөн-түз сиздин милдетиңиз экенин унутпаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!