Аялдын өңү күйөөсүнүн мүнөзүнө байланыштуубу?

Аялдын өңү күйөөсүнүн мүнөзүнө байланыштуубу?
8-Фев. 2018, Бейшемби, 16:18

Аялдын өңү күйөөсүнүн мүнөзү менен тыгыз байланышта болот экен. Эркектердин мүнөзү ар түрдүү болгондуктан, алардын аялдарынын жүзүнөн же нур жайнап турат же саргайып жүдөп-какап калат дегенди уккан чыгаарсыз.

Изилдөөлөрдүн натыйжасы боюнча, күйөөсү ачык мүнөз, сөзмөр болсо, аялына жасанып кийингенди билсе, аялынын эркиндигине көп кийлигишпесе, аялынын жинине тийбесе, анда аялынын бетине кара тактар түшпөй качан да болбосун жүзүнөн нур чачырап, жаркырап, жайнап жүрөт экен.

Күйөөсү туюк мүнөздүү болсо, элдин арасында көп сүйлөбөй томсурайып турса, аялына көп көңүл бөлбөсө анда аялы жабыркап, бети-колунун териси көбүнчө кургап, сыйрылып, безетки чыгып кетүүсү мүмкүн.

Эгерде күйөөңүз орой болсо, аялына көңүл бөлгөндүн ордуна аны кагып-силкип жатса, алдап жүрсө, анда аялынын бети-колуна саргыч күрөң тактар пайда болуп, өңү кетип, чачы агарып, убактысынан мурда карыйт.

Жубайын эркелетпей, үй бетин көрбөгөн, элдин көзүнчө аялын жакшы көрүмүш болуп жүргөн эркектердин аялы эрте картаят дешет адистер

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!