Мырзаларга жакканыңызды кантип билсе болот?

Мырзаларга жакканыңызды кантип билсе болот?
24-Фев. 2018, Ишемби, 15:52

Көп учурда сөз адамды үмүттөндүрүп жана алдап коёт. Ал эми дененин тили эч качан алдабайт. Андыктан, эркектин кыймыл-аракети аркылуу ал бет кап кийип отурса да ички сырын билип алууга болот экен. Айтмакчы, эркектер сизге болгон өзүнүн симпатиясын билдирүүдө болгону 10 гана жестти колдонушат, ал эми аялдар 52 түрдүү жест колдонушат. Андыктан, бул жаатта эркектердин ойлорун ачуу биз үчүн жеңил. Жесттердин маанисин билип алып, маңдайыңызда отурган эркекке сиз жактыңызбы же жаккан жоксузбу, аныктап алыңыз.

Эгер эркек сизди карап туруп өзүнүн чачын же кийимин оңдоп койсо, бул анын сизге кызыккандыгынын белгиси. Мындай кыймыл-аракети - сизге жакшынакай көрүнөйүн дегендегиси.

Сүйлөшүү учурунда ал эки бутун эки жакка кенен таштап, колу менен шымынын курун кармап турса - бул өзүнүн сизге болгон кызыкчылыгын билдиргендегиси.

Сиз сүйлөп жаткан учурда анын кашы бир аз жогору көтөрүлүп, жүзүнө таң калуунун белгисин берип турат. Бул жакшы белги. Башкача айтканда, сиз ал үчүн кызыктуусуз.

Ал жүзүңүзгө кечке тигиле карап, мунусун сизге атайын байкаткысы келет. Маңдайыңыздагы мырза мунусу менен "мен сага жакын өнөктөш катары карап жатам" деп айткан болот.

Топчусун же сыдырмасын тынбай кармалап, улам ачып-жаба берсе, ал сизден сүрдөп жатат. "Жаккан экенмин" деп жыйынтык чыгарып коё берсеңиз болот.

Колун чөнтөгүнө салып, бутун болсо отургучтун астына жашырып отурса, бул уяңдыктын белгиси.

Сөөмөйүн мурдуна такап, колу менен оозун калкалап отурабы? Анда ал сизге ишенбейт, ошондуктан, ачылгысы келбейт. Эгер бул жестин кулагын, кашын, жаагын сүргүлөө коштосо, анын чыдамы жетээр чегине жетип, сүйлөшүүнү жыйынтыктоону каалап жатат деп биле бериңиз.

Сүйлөшүү убагында мырза сизге жакын отурууга аракет кылса, демек, ал бардык жагынан сизге жакындашууну каалап жатат.

Колун артып, сиздин отургучуңуздун сүйөнгүчүн кармап алса, анда сизди кучактагысы келип жатат.

Колундагы стаканын мыжыгып, ары-бери айланта баштады дейли. Анда эркектин кызыгуусу бар жана ал аялдын келбетин элестетип буюмдар менен ойной баштайт.

Колуңузду кысканда эки колу менен кармаса, бул чын ниеттүүлүктүн, достуктун, ишенимдүүлүктүн белгиси.

Эгер колун түз сунуп, сиздин колуңузду өтө эле бош кармаса же дээрлик кармабаса, анда ал ортодогу аралыкты ошол бойдон кармап, сизди өзүнө жакындатууну каалабайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!