Жубайыңызга деген сүйүүңүздү көрсөтө билиңиз!

Жубайыңызга деген сүйүүңүздү көрсөтө билиңиз!
3-Март 2018, Ишемби, 15:07

Жубайыңга деген сүйүүңүздү көрсөтө билиңиз. Себеби ар бир кишинин үйүндө өзүн жакшы көргөн аялдын күтүп отурганын көргүсү келет.

Мактап турууну унутпаңыз. Эркектер мактаганды жактырышат. Бул алардын табигатына таандык.

Кыйын учурларда колдоо көрсөтүңүз.

Белек жасап турууну эстен чыгарбаңыз.

Тамакты даамдуу жана дал убактысында даярдаңыз. Себеби карды ач адам ачуусу тез келет. Үйдөгү маселелерди ал тоюп бүткөндөн кийин айтыңыз.

Өз-өзүңүзгө көңүл бөлүңүз. Сулуу болуп жүрүңүз. Жубайыңыз менен балдарыңыздын жагдайын жасайм деп жүрүп, өзүңүздү «унутуп» калбаңыз.

Күйөөңүздү тарбиялоого тырышпаңыз. Эркектер өзүнө буйрук берип сүйлөп, жөндүү-жөнсүз акыл айта бергендерди жаман көрүшөт.

Ага эркиндик бериңиз. Ар бир баскан кадамын аңдып, мүнөт сайын чалып, анын тынчын ала бербеңиз. Себеби жок кызганычка жол бербеңиз.

Күйөөңүздү бактылуу этүүнүн дагы бир белгилей кетчү жагы аны эч качан, эч ким менен салыштырбаңыз.

Күйөөңүздүн көңүлүнөн чыккыңыз келсе...

Кээ бир аялдардын: «Эмне кылсам дагы күйөөмө жакпай койдум» деп жаткандарын угуп калабыз. Чындыгында эмнеге мындай? Эркектер ошончолук «катуубу»? Жок. Тескерисинче, эркектер аялдарга караганда алда кайда жумшак, мээримдүү болушат. Болгону аны жакшы тааный билсеңиз болду. Төмөнкү мисалдар күйөөңүздү жакшы таанып билүүгө жардам берет:

Кудайдын ыраачылыгы – күйөөңүздүн ыраазычылыгында экенин унутпаңыз. Ал эмне деген сөз? Тагыраак айтканда каршы чыкпоо, айтканын аткаруу, кечирим менен кароо, сыйлоо жана башка.

Бир нерсе айтса бир заматта «оталып» «жок!» деп айтпаңыз. Андан көрө мындай кылсак жакшы болот деп жылуу сөздөр менен түшүндүрүүгө тырышыңыз.

Эч качан айтканыңызды жасоого тырышып, «көгөрүп» (каршы чыгып) отуруп албаңыз.

Эч убакта калп айтпаңыз.

Эркектер тазалыкты (баардык мааниде) жакшы көрүшөт.

Бала тарбиясына көп көңүл бөлүңүз.

Аны жакшы көрөрүңүздү көп айтып туруңуз.

Күйөөңүздү сыйлаңыз.

Эркектер мактаганды жакшы көрүшөт, бул алардын табигатына тандык. Ошондуктан мактап туруунун унутпаңыз.

Жубайыңыздын туугандары менен жакшы карым-катынашта болуу да ага жагат.

Жумуштан келгенде милдеттүү түрдө жылмайып тосуп алыңыз.

Көп сырдашыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!