Кыздар кандай белек алганды каалашат?

Кыздар кандай белек алганды каалашат?
5-Март 2018, Дүйшөмбү, 15:01

Жаз айы келди дегенче, белек менен гүл айы башталды дей бериңиз. Себеби бул кыз-келиндердин көптөн күткөн, жигиттердин бир аз санаага батырган ай. Алар кымбаттуу апасына, сүйүктүү жарына же кызына, эже-карындаштарына, эмне белек берерин билбей убарага батканы менен, ал белек ойлогондой көңүлүнө жагып, кубанганын көрүү алар үчүн маанилүү болсо керек. Бирок ушул кубанычка бөлөнүү үчүн кыздар кандай белек жакшы көрүшөрүн биле жүрүңүз.

Күтүлбөгөн белек

Күтүлбөгөн белекти жактырбаган адам аз чыгаар. Ал эми кыздар өз майрамында сүйүктүүсүнөн күтүлбөгөн сыйды, белекти күтүшөт. Тагыраак айтканда, сиз жыл сайын салт боюнча белек берип кубантып жүргөн болсоңуз, бул жолу белегиңизди өзгөчө “сюрприз” даярдап берүүгө болот. Бирок артык кылам деп тыртык кылып албаңыз. Муну ойлонуп даярданып жасаган оң.

Сүйүктүү гүлү

Кыздар үчүн сүйүктүсүнөн алган гүлдүн орду бөлөк. Себеби гүлдү жакшы көрбөгөн кыз жок болсо керек. 1-2 жумалык өмүрү бар экенин билсе да, кыздар бул белектен баш тарта алышпайт. Ошондуктан гүлдүн жанына эстелик болсо бир белек кошуп берсеңиз, көңүлүнө жагат деп ойлобуз.

Зер буюм

Сулуулукка жаралган кыздар үчүн зер буюмдардын орду өзгөчө. Бирок зер буюм деп ар кандай чынжыр же шакек берүүгө болбойт. Ар бир кыздын табити ар башка болот. Ага жараша турган чынжыр, шакек же болбосо билерик кыздардын баш тартпай турган белеги.


Атыр

Гүлдү канчалык жакшы көрсө, ар бир кыз атырды да жакшы көрөрү шексиз. Себеби жанындагы сумкасынын ичинде бирге алып жуүрүүчү атыр кыздар үчүн өтө маанилүү. Бирок бул эскерте кетчү нерсе ар кимдин табити ар башка экенин унутпаңыз.

Керектүү зат

Кандай гана белек болбосун анын пайдалуу болгону жакшы. Себеби өзүнө өтө керектүү нерсени белекке берсе, кубангандан мурун таң калары анык. Бирок керектүү нерсесин, табитин билбей туруп бул ишке барбаңыз. Эгер анын көз айнек, сумкасы, же кол саатын, моюн орогуч, туфли, көйнөй, чач байлагыч, жумшак оюнчук, күндө колдонгон идищаяк, фотоаппарат, уюлдук телефон же сүйүктүү авторунун китебин алгысы келип жургөнүн билсеңиз, ойлонбой туруп белекке ала бериңиз.

Кыздардын көңүлүн жана каалосун табуу кыйын чыгаар. Бирок чын жүрөктөн сатып алынган белегиңиз менен сыйыңыз шай келсе, аяз заты үчүн башка белек керек эмес. Керек болсо белегиңиз жок болсо дагы, жүрөк жибиткен жылуу сөзүңүздүн өзү белек экенин унутпаңыздар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!