Сүйгөн адамдарга кеңеш

Сүйгөн адамдарга кеңеш
26-Март 2018, Дүйшөмбү, 15:52

Эки жанды бири-бирине жакындаткан, ашыктык сезими оттой алоолоп күйүп, өчүүсү кыйын болсо да, чогу жүрөктө кала турган түбөлүк сезим.

Ашык жандарга сунула турган кеңештер:

Сүйгөн адамды тарынтпоого тырышыңыз.

Чын сүйсөңүз айтыңыз,каттуу жакшы көрсөңүз кучактаңыз.

Кучакташуу аркылуу адамдын жан дүйнөсү жылып, сагыныч сезими байлап алат.

Таарынууга жогдай жасабаңыз.

Жибектей жумшак сөз, таштай катуу жүрөктү да жибитет.

Жумшак болууга аракет кылыңыз.

Сизди урматтап сүйсүн десеңиз,сизде ошондой жагдай жасооңуз керек.

Махабаттын да, адамдын жашоосу сыяктуу өзүнүн өнүгүү мыйзамдары, жаш курагы болот. Анын да кулпурган жазы, жалындаган жазы, аягында кээ бирөөлөр үчүн нурлуу, жылуу жемиши, экинчи бирөөлөр үчүн аяздуу суук, ызгары да болот. (В.Г.Белинский)

Аял эркектин кабыргасынан жаралган. Эгер кыйшык кабырганы түзөтөм десең, сындырып аласың. Ошондуктан аны менен түшүнүшүп өмүр сүр,ошондо гана бирге жашап кете аласың. (Хадистерден)

Эгер аялы-күйөөсү баштары кошулганча бири-биринин адаттары, кулк-мүнөзү менен кылыктарын билип албаса, никенин бактылуу болушу мүмкүн эмес. (О.Бальзак)

Кучакташуу аркылуу ортодогу муздак абалды чечүүгө болот.

Айтар сөзүңүз болсо айтыңыз, болгону жүрөгүнө катуу тийбесин.

Белек жасап туруңуздар, ортодо сый маиле менен жылуулук пайда болот.

Сизди таарынтса үн чыгарбоого тырышыңыз, унчукпай калуу акылмандын белгиси.

Ажылдап уруш издеп турган кыздарды жигиттер жактыра беришпейт.

Аял заты болуп жаратылгандыктан назик болууга, уялчаак болуу керек.

Эр жигиттер атыңызга да маани беришет, өз атыңызга затыңыз шай келсин.

Сүйгөн жарыңызга өзгөчө аттарды ойлоп табып, жаным, күнүм деген сөздөрдү айтуудан аянбаңыз.

Чын сүйсөңүздөр аягына чейин бирге болуңуздар.

Адал махабат, ар бир жанга кымбат, асыл болгондуктан адал болуңуздар. Адалдык-аял-күйөөсүнүн бир бүтүмдүүлүгүнүн айкын белгиси. (Д.Фонвизин)

Сүйгөн адамды чөнтөгүнө карабастан жүрөгүнө карап баалаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!