Кичинекей электрокар “Kugel”

6-Апр. 2018, Жума, 15:08

“Himera” унаасын жасап чыккан Андрей Джазовский чакан “Kugel” электр унаасы тууралуу маалыматтары менен бөлүштү. Жаңы унааны чыгаруу быйылкы жылы пландалууда. Ошону менен бирге анын баасы 9,5 миң евро турмакчы. Бул тууралуу “Auto 24” булагы кабарлады.

Өндүрүүчүнүн айтуусу боюнча, унаанын узундугу 2,7 метрге жетет. Бул унаа Испаниядагы Малага шаарында чыгарылмакчы.

Электрокардын дизайнын Dejan Hristov жасап чыгарды. Машина эки үлгүдө болот - үч жана алты орундуу. Айдоочунун орундугу ортоңку бөлүктө жайгашкан жана эки жүргүнчүнүн орундугу каптал жактарында орун алган.

Жаңы унаа 3,3 киловатт электр кыймылдаткычы менен жабдыкталган. Кошумча энергия запасы - 180ден 220 километрге чейин жетет. Аккумуляторду толугу 20 мүнөт ичинде кубаттоого болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!