“Mercedes” эн мыкты жол тандабас даярдоодо

16-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 14:20

Аперель айынынын аягында Пекинде ачылуучу автосалондо “Mercedes-Benz” компаниясы, тарыхтагы эң мыкты жол тандабасты тааныштырмакчы.

Албетте ал “Maybach” суббрендинин алдында сунушталат.

Азырынча концепти тууралуу гана сөз болууда. Бирок келечекте ал көптөгөн тираж менен чыгарылышы да мүмкүн. Азырынча так маалымат жок. Бирок немистер жарыялаган алгачкы видеого караганда машина ак булгарыдан жасалып, ал эми логотиптери алтындан болот.

Белгилей кетсек, “Maybach” маркасы менен буга чейин дагы жол тандабас жасалган. Жөнөкөй эмес кабриолет. Ал унаа “Mercedes-Maybach G 650 Landaulet” деп аталып, 99 гана даанасы жасалган. Анын ар бири 630 000 евро же 40 000 000 рубль турган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!