Бул унаада 15 жыл бою эч ким кырсыктаган эмес

17-Апр. 2018, Шейшемби, 15:27

Дээрлик ар бир унаа өндүрүлүп, колдонууга сатылгандан тартып өлүм менен коштолгон кырсыктарга кептелген. Өзгөчө кээ бир модельдерде дизайн, өндүрүш жана компьютердик жактан бузулуунун кесепетинен өлүм- житимдин деңгээли өсүп баратканы байкалат.

Бирок, 2002-жылы Улуу Британияда өндүрүлгөн “Volvo XC90” унаасы азыркы күнгө чейин 50 миң даана сатылганына карабастан бирөө дагы өлүм менен коштолгон кырсыкта каталган эмес.

Керек болсо бул унаа кырсыкка кабылган күндө да, айдоочу да, жүргүнчү да аман калышкан.

“Thatcham Research” келтирген статистикага таянып “Volvo XC90” унаасын эң коопсуз унаа деп аташты. Мындан сырткары, “Volvo XC90” сыяктуу рекорд жараткан унаа модели “Audi Q7”. Бирок бул унаа 2015-2016-жылдары сатыла баштагандыгына байланыштуу, колдонууга берилген унаалардын саны аз.

“Volvo”нун жол кырсыктарына аз катталуусунун себеби, андагы камера менен радиолокациялык системасында. Бул түзүмдөр айдоочуга кооптуу жагдайларда эскертүү берип турат.

Башка унаалар менен өтө жакын келгенде бул үлгүдөгү унаа автоматтык түрдө токтоп, көптөгөн кырсыктарды алдын алат.

AEB лазерлерди, камераларды же радиолокацияны кагылышуу мүмкүндүгүн аныктап, айдоочуга эскертүү берет. Эгер айдоочу аракет кылбаса ал тормозду автоматтык түрдө басат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!