Учактарда туруп баруучу орундуктар пайда болду

19-Апр. 2018, Бейшемби, 16:24

Италиялык “Aviointeriors” орундуктарды чыгаргандар учактагы адамдардын сыйымдуулугун 20 пайызга арттыруу үчүн туруп барууга арналган вертикалдуу орундуктардын дизайнын жасады. Бул тууралуу “lenta.ru” сайты билдирет.

“Skirider 2.0” жаңы модели Германиянын Гамбург шаарындагы «Aircraft Interiors Expo 2018» көргөзмөсүндө тааныштырылды.

“Skyrider”дин өзгөчө дизайны аттын ээр токумуна окшоп кетет. Анын долбоорун 2010-жылы кураштырылган. Бирок АКШ Федералдык авиация акимчилиги бул идеяны колдогон эмес. Ошентсе да, “Aviointeriors” өкүлдөрү жургүнчүлөр мындай учурда эч кандай ыңгайсыздык сезишпей бир нече саат бою отура алышаарын айтышат.

Ушундайча, өндүрүчү туруп баруу үчүн ойлонуштурулган орундуктар кыска убакытка арналган рейстер үчүн өтө пайдалуу жана аба компанияларынын кирешесин артырат деген ишенимде.

Эскерте кетсек, 2017-жылы Колумбиянын “VivaColombia” авиакомпаниясынын башылыгы учакка элди көбүрөөк батыруу үчүн лайнерлерде вертикалдуу орундуктарды киргизүүнү ойлоштурушкан эле.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!