Транспорт тармагындагы өзгөчө конок үй

23-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 17:44

Дубайда 40 жыл пайдаланылып, колдонуудан чыгарылган «Куин Элизабет 2» лайнери конокторун кабыл ала баштады. Суу үстүндөгү конок үйдө 1 миң 300 номер, музей жана 13 ресторан бар. Бул тууралуу “mir24.tv” сайты билдирет.

Конок үйдө түнөп калуу 200 доллардан башталса, эң кымбат бөлмө 15 миң доллар турат. Жалпы алгачкы сапарга 1969-жылы аттанган лайнер дүйнөнү 25 жолу кыдырып, 2 жарым миллион жүргүнчү ташыган. 2008-жылы Бириккен Араб Эмирлиги аны 100 миллион долларга сатып алган. Бирок каржы жагына байланыштуу конок үйгө айландыруу планы 10 жылга созулуп кеткен.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!