“Hyundai” жаңы “Lafesta” седанын тааныштырды

27-Апр. 2018, Жума, 15:30

“Hyundai” компаниясы Пекин автосалонунда “Lafesta” седанынын алгачкы үлгүсүн сунуштады. Жаңы унаа “Sensuous Sportiness” брендинин жаңы бренд стилинде жасалды. Бул тууралуу “Мотор” маалымат булагы жазып чыкты.

Унаа өндүрүчүүнүн жаңы бренддик стилинде даярдалды. Автомобиль алгачкы өндүрүш модели болуп саналат.

Автомобилдин радиатордун тору менен бирге оптикага ээ болду. Ошондой эле, автомобилдин каптал жактары рельефтүү келет. Жалпысынан алганда экстерьер жөнөкөй сызыктардын жардамы менен өтө эстетикалуу көрүнөт.

Унаанын узундугу 4660 мм, дөңгөлөктүн базасы 2700 мм болот.

Автоунаа 1.6-литрлик бензин турбо кыймылдаткычы менен жабдыкталган. Седан 177ден 204кө чейин жетиши мүмкүн. Кыймылдаткыч жети кадамдык преселективдүү роботтоштурулган коробка менен бирге иштейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!