Спорттук электр унаа “Mitsubishi e-Evolution”

15-Ноя. 2017, Шаршемби, 11:38

Токиодо өткөн автошоудо “Mitsubishi e-Evolution” унаасынын концепциясы сунушталып, анда япондук бренддин спорттук электрокроссовер кандай болоору көрсөтүлдү.

Электрондук эволюция кроссовери үч электр кыймылдаткычтар жана жарым-жартылай автономдуу башкаруу системасы менен жабдылган. Техникалык чечимдердин көпчүлүгүн япондук бренддин сериялык моделдерине колдонууга ниеттенишүүдө. Баардык дөңгөлөктөрдү башкарууга арналган “Super All-Wheel Control” системасында үч кыймылдаткыч иштейт: бирөө алдында жана экөө арт жагында. «Кубаттуулугу үлкөн» аккумулятору автомобилдин ортосунда орун алган.

Прототиби футуристикалык дизайнга окшош келип, чоң дөңгөлөк дискалар, оптикалуу диод жарыгы, күзгүлөрдүн ордуна камерага ээ болгон. Компания мындай үлгүдөгү дизайн «электр унаалар пайда боло элеке чейин мүмкүн емес эле» дешти.

Унаа адаттан сырткары коопсуздук системасы менен жабдыкталган. Ал компаниянын маалыматы боюнча, айдоочунун ниетин түшүнүп, кеңеш берип козголуунун абалын жана өзгөрүштөрдү эсептей алат. Бул «арткы орундукта экинчи айдоочунун болушуна окшош».

Журналисттердин билдирүүсү боюнча, “Mitsubishi” өзүнүн аңызга айланган атын кайрадан жандандырууну чечип ага "Evolution” сөзүн кошуп дефис менен ажыратып сунуштоодо. Ошондой эле, унааны электр кроссоверине айлантышты деп белдиришти.

Эскерте кетсек, атактуу “Mitsubishi Lancer Evolution” 1992-жылдан 2015-жылга чейин чыгарылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!