“Volkswagen” электр унааларына өтөт

24-Ноя. 2017, Жума, 10:45

Германиянын унаа чыгаруучу “Volkswagen Group” компаниясы 2025-жылы Кытайда 10 миллиард евро (11,8 миллиард доллар) жумшоо менен электр жана гибрид унааларын өндүрүүнү пландаштырууда.

Кытай 2019-жылга карата өлкөдө жумуш иштеген унаа өндүрүүчү өкүлдөргө “NEV” деп аталуучу жаңы муун электромобильдерин чыгаруу үчүн так-даана өндүрүштүк квота белгиледи. Автоунаа өндүрүүчүлөрү квоталарды канаттаандыруу үчүн көп жумуш алып барышат.

Компаниянын Кытайдагы бөлүмүнүн башчысы Йохем Хейцман “Reuters” басылмасына берген маегинде, “VW” жана “Audi” бренддерине ээ “Volkswagen AG” кийинки 2-3 жылда 15 “NEV” моделин сатыкка чыгара баштайт. 2025-жылдан кийин 25 жаңы модель сатууга сунушталат.

Хейцмандын айтуусу боюнча, “Volkswagen Group” компаниясы Кытай белгилеген квота боюнча энергияны сатуунун жаңы көрсөткүчтөрүн кубаттайт.

Фольксваген азыркы убакта Кытайда чамасы менен 10 түрдүү “NEV” моделдерин сатууда. Бирок өндүрүлгөн унаалардын эч бири Кытайда пайдаланылбайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!