Дүйнөдөгү эң ылдам поезд жүрө баштады

7-Дек. 2017, Бейшемби, 11:00

Алты жылдык үзгүлтүктөн кийин Бейжин менен Шанхай ортосунда саатына 350 чакырым ылдамдык менен жүргөн жогорку ылдамдыктагы поезд ишке кошулду.

Шанхайдын түштүк вокзалынан саатына 350 чакырым ылдамдык менен жүргөн «Фусин» поездди жолго чыкты.

Эң жогорку ылдамдыктагы поезд эки мегаполис арасындагы жолду 4 саат 28 минутка чейин кыскартты.

Азыркы убакта Кытайда жогорку ылдамдыкта жүргөн темир жол транспортунун узундугу 22 миң чыкырымды түзөт. Бул көрсөткүч боюнча Кытай алдыга озунуп чыкты.

Бейжин-Шанхай жолу КЭРдагы адам көп жүргөн жогорку ылдамдыктагы магистраль. Жыл сайын бул жол менен орточо эсеп менен 100 миллиондон ашык жургүнчү каттайт.

“China Railway” (CRC) маалыматы боюнча, «Фусин» азыркы убакытта коммерциялык багыттагы дүйнөнүн эң ылдам темир жол составы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!