Дүйнөдөгү эң арзан 5 унаа

12-Дек. 2017, Шейшемби, 18:19

“CarsWeek” басылмасынын экперттери дүйнөдөгү эң арзан автоунаалардын рейтингин жасашты. Бул тизменин көч башын Индиянын “Bajaj Qute” автоунаасы баштаган. Анын баасы болгону 250 миң рубль.

Экинчи орунда да Индиянын “Tata Nano” машинасына энчиленген. Анын баасы 255 миң рубль чамасында. Унаанын ылдамдыгы саатына 100 чакырымды тузөт. Үчүнчү орунду Япониянын “Datsun Redi-GO” унаасы алган. Ошондой эле, топ-5тикте “Maruti Suzuki Alto 800” жана “Renault Kwid” унаалары бар.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!