1959-жылы чыккан унаа 18 млн долларга сатылды

13-Дек. 2017, Шаршемби, 14:43

1959-жылкы “Ferrari 250 GT LWB California Spider Competizione” унаасы "RM Sotheby’s” аукцион үйүнүн веб-сайтынын маалыматына ылайык Нью-Йоркто 17,990,000 долларга сатылды.

Ошентип бул сейрек кездешкен жарыш унаасы лотто сатылган эң кымбат товарлардын бири болуп калды. Лоттун баштапкы баасы 14 млн доллар болгон. Бул модель аукциондо айтылгандай алюминий корпусунан жасалган сегиз унаанын бири болуп саналат.


“Унаа 3,3 литрлик “Tipo 128F” кыймылдаткычы менен жабдыкталган, ал 7,300 айлануу/ мүнөтүндө 263 ат күчү иштелип жана үч “DCL6” карбюратору бар. Бул модель 1959-жылы Ле-Манда 24-сааттык жарышта үчүнчү орунду алган жана жалпы эсепте бешинчи орунга ээ болгон”,- деп жазат «MotorMania».

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!