“Audi E-Tron GT” 2022-жылга чейин чыгат

19-Дек. 2017, Шейшемби, 15:05

Автомобиль өндүрүүчүлөр массалык түрдө электр унааларын чыгарууга белсеништи. “VW”, “Jaguar” жана “BMW” бир нече жылдан бери электрлендирилген жана толугу менен электр моделдерин жасап чыгарууда. Акыркы жаңылыктарга таянсак, “Audi”да четте калбай 2022-жылга чейин электрлүү спорттук автоунаа өндүрүүнү көздөөдө.

“Audi” компаниясынын башкаруу мүчөсү Питер Мерценс кийинки бир нече жылдан тарта базарда электрленген “E-Tron GT” пайда болот деп айтты. Ал платформаны “Porsche Mission E”ге бөлөт, бирок ал сырткы түрү боюнча уникалдуу болмокчу.

“E-Tron GT” деп аталган “Q8” сыяктуу концептуалдык автомобилдер элементтерин, ошондой эле аларга сунушталган “R8 E-Tron” жана башка “Audi Evs” элементтерин бириктирет. Чоң радиаторлук тор, кенен канаттар менен жарык диоддуу шамдар сыяктуу элементтери бар көрктүү төрт эшиктүү унаа болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!