2018-жылдын коопсуз унаалары кайсылар?

21-Дек. 2017, Бейшемби, 10:25

Америкалык жол коопсуздугун сактандыруу институтунун адистери 2018-жылдын эң коопсуз унааларынын тизмегин жарыялашты.

Унаалардын түрдүү деңгээлдеги объектер менен кагылышуу учурундагы чыдамкайлуулугу текшерилди. Анын ичинде алгач ирет жүргүнчү отурган жагы, бетме-бет жана каптал жагы менен урунуусу сыяктуу критерийлер дыкат изилденди.

Мындан сырткары адистер машинанын бекемдигин, креслосун, урунганда баш сөөгүнүн коопсуздугун, балдар креслосун бекитүүдөгү жеңилдигин жана фараларынын жарыктандыруусу көңүлдөн сырт калбады.

Жалпысынан алар төрт деңгээл боюнча бааланды: жакшы, жарактуу, чектен тыш жана начар. Жалпы упайга 15 унаа ээ болушту. “KIA Forte”, “Soul” жана ошондой эле “Huyndai Santa Fe”, “Huyndai Santa Fe Sport” машиналары жүргүнчү отурган алдынкы орундук менен балдар креслосун бекитүү системасы үчүн жогорку упайга татыктуу болушту.

Ал эми адистердин баасы боюнча, балдар орундугу Японияда чыгарылган унааларда коопсуз болуп таанылды. Алар – “Subaru Impreza”, “Legacy” жана “Outback”, “Toyota Camry”. Мыкты унаалардын тизмегине “BMW 5 Series”, “Subaru WRX”, “Genesis G90”, “Mercedes-Benz GLC” унаалары да кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!