Унааны кола менен толтуруп алып өкүндү

8-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 09:49

“TechRax” “YouTube” каналына бензиндин ордуна кока-кола менен толтурган видеосун жарыялады. Дал ушул экспериментатор 2003-жылы “BMW 325i” унаасына бир бөтөлкө газдалган суусундук куйган эле. Коланы куйгандан кийин ал унааны айдап көрүүгө аракет кылган. Бирок унаанын кыймылдаткычында кыйындыктар тууралуу эскерткен билдирүү күйүп калган. Бир нече секунддан кийин унаа токтоп, аны кайрадан жүргүзүү мүмкүн эмес болгон.

Видеонун аягында блогер 135 долларга барабар диагностиканын эсебин көрсөткөн. Кызмат көрсөтүү борборунун жумушчулары бакты кургатып, күйүүчү май насосун жана чыпканы алмаштырууну сунушташкан. Күйүүчү май системасынын оңдоо үчүн гана беш жүз доллар сарптаган. Кыймылдаткыч жакшы иштебеген учурда аталган суммадан дагы кымбат турат. Ошону менен бирге унааны америкалык миң долларга сатып алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!