Келечекте унаалар антивирустар менен жабдылат

9-Янв. 2018, Шейшемби, 15:01

Атайы жабдылган программа унааны ээлик кылууга жана ээси тууралуу жеке маалыматтардын тарап кетүүсүн алдын алат.

"Алдыдагы бир нече жыл «Автомобиль антивирусунун жана кол салууну алдын алуу системаларынын алтын кылымы» болот",- деп жазат “Technology.org”. Басылманын маалыматы боюнча, унаа коопсуздугуна байланыштуу жакынкы келечекте кибер кылмыштуулук жогорулайт.

Мичиган университетинин изилдөөчүлөрү кибер кылмыштуулук айдоочусуз унаалардын негизги маселеси болмокчу деп белгилешет. Унааны башкарууга кол жеткизгенден кийин кылмышкерлер өлүм менен аяктаган кырсыкка чейин алып келиши мүмкүн. Окумуштуулардын пикири боюнча, мындай учурда – антивирустук системалар менен DLP-системалары унаанын компьютердик маалыматтарынын жайылып кетүүсүнө жол бербейт жана аны алдын алат.

Окумуштуулар алдынкы IТ-компаниялардын програмисттери жана унаа өндүрүчүлөр менен биргеликте учуучу унаалардын коопсуздугуна байланыштуу бирдиктүү модель иштеп чыгышууда. Анын жардамы менен унаалардагы келип чыккан көйгөйлөрдү изилдеп ар бирине чара көрүүгө мүмкүнчүлүк жаралмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!