Дүйнөдөгү эң кичинекей унаа

10-Янв. 2018, Шаршемби, 12:59

Дүйнө жүзүндө конвейерден түшкөн эң кичинекей унаа “Peel P50”- “Engineering Company” компаниясынын үч дөңгөлөктүү микромобили болуп саналат.

Болгону бир гана эшиги менен бир фарасы гана бар. Ичине орточо габариттеги бир гана адам батат. Бул «кичинекей» бар болгону 199 фунт гана турган. Ал 1962 менен 1965-жылдар аралыгында чыккан.

Аталган унаанын артка жүрүүчү ылдамдыгы жок. Анын ордуна кузовтун арткы жагында каалаган учурда унаанын өзүн көтөрө салууга мүмкүндүк берген туткасы бар. «Машиненин» негизги максаты шаардын ичинде дүкөнгө барып, кайтып келүү экен.

Баштапкыда, бул автоунаа 1963-жылы 199 фунт туруп, кийин 2010-жылы кайра эсептөөдөн өткөндө 2200 АКШ долларын түзгөн. Бар болгону 50 дана гана чыккан бул унаанын азыркы убакта 27си гана калган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!