"Бир гана аялдар үчүн" унаа токтотуучу жай ачылды

11-Янв. 2018, Бейшемби, 13:01

Кытайдын чыгышындагы Чжэцзян провинциясында аял айдоочулар үчүн арналган атайы автоунаа токтотучу жайлар пайда болду. Бул тууралуу “Xinhua” маалымат булагы кабарлады.

Бул унаа токтотучу жайлар адаттагыдан айырмаланып бир жарым эсеге кенен. Мындан сырткары, алар ачык кызыл түстөгү төрт бурчтук түрүндө белгиленген. Анда бийик таканын сүрөтү көрсөтүлүп, “Бир гана аялдар үчүн” деп жазылган.

Буга байланыштуу социалдык тармактарда катуу талкуу жүрүүдө. Көпчүлүк бул сыяктуу белгилер “аялдар начар айдоочулар” деген түшүнүктү калыпташтыруу аракети деп кабыл алышууда. «Токтотуучу жай жынысына эмес, жөндөмдүүлүгүнө байланыштуу», - деген сыяктуу билдирүү “WEIBO” аттуу колдонуучудан келип түшкөн.

Эскерте кетсек, бул сыяктуу дагы бир көрүнүш күз айларында Дубайда катталган. Ал жакта аялдар үчүн атайын токтотучу жайлар каралган. Кытайдагы белги сыяктуу эле бул өлкөдө дагы жол белгилерин жана номерлерди ачык кызыл түстө көрсөткөн.

Демилгенин максаты, 2021-жылга карата аялдардын гендердик тең укуктук маселесин алып чыгуу жана дүйнөнүн көч башчыларынын бири болууга мүмкүндүк берген өкмөттүн планын ишке ашырууга багытталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!