Рулу жок айдоочусуз унаа (видео)

13-Янв. 2018, Ишемби, 10:46

Америкалык “General Motors” концерни өзүнүн “YouTube” каналына биринчи жолу ички башкаруу элементтери жок рулсуз жана педалсыз жаңы автономдуу автомобилдин прототибин сунуштады. Анын расмий бет ачаары 15-январда Детройттеги автосалондо өтөт.

"“Chevrolet Bolt” электр унаасынын негизинде куралган концепт “LiDAR” оптикалык диапазон, ошондой эле, мейкиндикте айдоого жардам берген 21 радар жана 16 видеокамера менен жабдыкталган”,- деп кабарлайт “Autonews”.

Рулду башкаруу, акселератор жана токтоткуч (тормоз) системасынын жумуш иштөөсү үчүн электроника толугу менен жооп берет. Атайын учкучсуз төртүнчү муун үчүн программалык камсыздоо иштелип чыккан. “GM”дин маалыматы боюнча, мындай унаалардын сериялык өндүрүшү 2019-жылы башталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!