Эң мыкты делген унааларды тандоо учурунда эксперттер коопсуздугун, дизайнын жана башкаруу жагын эске алышты.
АКШнын Детройт шаарында эл аралык автосалондо 2017-жылдын мыкты унаалары жарыяланды.
«Жылдын крассовери» категориясында жеңиш “Volvo XC60” моделине берилди: автомобиль “Alfa Romeo Stelvio” жана “Honda Odyssey” сыяктуу атаандаштарын арта калтырды.
Жеңил унаалар арасында 2017-жылы “Honda Accord” мыкты деп таанылды.
Өткөн жылдын эң мыкты жол тандабасы деп – “Lincoln Navigator” аталды.