Быйыл жарыкка чыккан унаалар

20-Янв. 2018, Ишемби, 14:10

АКШда алгачкы ири "Унаалар шоусу-2018" башталды. Жаңы унааларды көпчүлүк эл 20-январдан баштап көрө алышат. Детройтка келген дүйнөнүн ММК өкүлдөрү быйылкы жылдын башкы унааларын өз көздөрү менен көрүп, таанышышты.

2018-жылдын башкы жаңылыгы “Gelandewagen” болду. Муну көпчүлүк журт 20 жыл күттү дешет. “Mercedes-Benz” компаниясынын “G-Class”тын жаңы мууну дизайндын классикалык формасын сактап калды. Жол тандабастын жаңы мууну мудагысына караганда 53 мм-ге узунураак жана 121 мм-ге кененирээк. Моделдеги жабдыктын курамында жарык диоддуу фаралар, ар түрдүү кошумча системалар бар.

Жаңы унааны тааныштырууга “Daimler”дин башкы аткаруучу директору менен бирге ушул унааны жакшы көргөн актер Арнольд Шварценеггер чыкты.


Белгилей кетсек, Детройттогу автосалонда “Hyundai Veloster” хэтчбинин жаңы мууну киргизилди. Автоунаа башкалар менен бирге «заряддалган» “N”-нускасын алды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!