BMW: “8 Series” сериясындагы алгачкы унаасын көрсөттү

26-Янв. 2018, Жума, 16:06

“BMW” “8 Series”унаасынын биринчи расмий сүрөтүн интернетке жарыялады. Маалыматка ылайык, унаанын чыгышы 2018-жылдын аягына чейин күтүлүүдө. Жарыяланган сүрөттөн унаанын сырткы гана көрүнүшүн көрүүгө мүмкүн. Бул тууралуу "Motortrend”ке шилтеме берип “korrespondent.net” сайты маалымдайт.

Буга чейин Италиянын Априли аймагындагы магистралда түшүрүлгөн сүрөттөр пайда болгон.

Бул спорттук унаанын чатыры бир аз сынган сыяктуу болуп, арткы жүк багажынын капкагы көрктүү, арты кууш оптикада жалпы дионддуу жарыктар менен жабдылат деп күтүлүүдө.

Өндүрүүчү “8 Series” купенин жогорку динамикалык дараметин ырастайт. Себеби ал “BMW M8 GTE” жарыш унаасы менен бир убакта даярдалып жатат.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!